Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:14

ЭЛ АРАЛЫК БАЙКООЧУЛАР РЕФЕРЕНДУМ ТУУРАЛУУ ЭМНЕ ДЕШЕТ?


Кыргызстандын баш мыйзамы менен Шайлоо Кодексинин тагдыры чечилген референдумдагы добуш берүүгө чет өлкөлүк 130 эл аралык байкоочу көз салды. КМШ мамлекеттеринен келген байкоочулар добуш берүү мыйзам бузууларсыз ачык жана демократиялык принциптердин негизинде өттү деп дароо билдиришкен менен алардын баасына ишенбегендер да болууда.

21-октябрдагы референдумга байкоо салуу үчүн Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму, АКШнын Улуттук демократиялык институту баштаган бир катар эл аралык уюмдардын, КМШнын парламенттер аралык ассамблеясынын, ШКУнун жана чет өлкөлөрдүн Кыргызстандагы элчиликтери менен эл аралык маалымат агенттиктеринин 130 байкоочусу келген. Алар таң эртеңден тарта шайлоо участкаларын кыдырып, добуш берүүнүн мыйзам чегинде өтүп жаткандыгына көз салышты. Украинадан келген байкоочу Олег Кулеба:

- Бүгүн КМШнын байкоочулары добуш берүү башталгандан тарта шайлоо участкаларында болушту. Добуш берүү уюшкандыкта, тынч өттү. ,- деп баа берсе, Грузиянын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары, “Шайлоолорду өткөрүүчү уюмдардын Европалык ассоциациясынын” байкоочусу Александр Гонгадзе референдумга даярдык кыска убакытта жүргүзүлгөн менен добуш берүү мыйзам бузууларсыз өткөндүгүн белгиледи:

- Эч кандай одоно мыйзам бузуулар болгон жок. Мисалы, биз шайлоо участкаларында “Дооматтар барбы?” деп сураганыбызда да олуттуу эч кандай дооматтар түшпөгөндүгун айтып жатышты.

Анткен менен жергиликтүү байкоочулар, анын ичинде, “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын өкүлдөрү үкөккө 600 бюллетень бир салынган фактыдан баштап, шайлоочуларды машина менен ташып барып добуш бердирүү, министрлердин шайлоо участкаларын кыдырып үгүттөшкөндүгү, милиционерлердин добуш бергендердин санын тактоосуна чейинки фактыларды каттагандыгын дароо жарыя кылышты. “Ак шумкар” партиясынын Бишкектеги №1126 участкасына байкоо салган өкүлү Фарида Бегалиева:

- Шайлоо комиссиясы жана шайлоочулар тарабынан мыйзам бузуулар байкалды. Шайлоо комиссиясындагылар шайлоочулар көп келген учурда бизди ар жакка түртүп өткөзбөй туруп, ашык бюллетендерди бергендерин байкап, акт түзүп койдук.,- дейт.

Грузиянын БШКсынын төрагасынын орун басары Александр Гонгадзенин баамында, эл аралык байкоочунун буту жетпей калган алыскы райондордогу абал мындай турсун эл аралык байкоочулар Чүй менен Бишкектеги участкаларды кыдырып жүргөндө мыйзам бузууларды аныктоого чамасы менен саны чак болду:

- Административдик ресурс колдонулган же колдонулбагандыгын участкада текшерүү абдан кыйын. Ал силерге деле белгилүү да. Анын үстүнө биз мурдагы күнү гана келбедикпи...

Александр Гонгадзе байкоочулар абалды так баамдоо үчүн өлкөдөгү бардык саясий күчтөрдүн өкүлдөрү менен баарлашып, алдын-ала кабар алышкандыгын да белгилеп, байкоо калыс болгондугун эскертти.

Ал эми Украинада жакында өткөн парламентик шайлоого байкоо салып келген журналист Жыргалбек Турдукожоев Кыргызстанга келген эл аралык байкоочулардын айтаар жыйынтыгы күн мурунтан белгилүү, себеби, алар даярдыксыз эле байкоо салышты деген ойдо:

- Бул референдум өтө чукул өткөрүлуп жаткандыктан байкоочулар тиешелүү даярдыктан өтө албай калышты. Ал тургай алар ошол референдум негизделип өткөрүлүп жаткан тээтиги 1991-жылы кабыл алынган мыйзам менен толук кабардар экендигинен да шегим бар. Адатта мындай иш-чараларга эл аралык уюмдар өз байкоочуларын эки, эки жарым ай даярдыктан өткөргөндөн кийин гана жиберишет. Демек, мыйзамдуулуктун сакталышына толук кызыкдар байкоочулар болду деп айта албас элем. Себеби, обьективдүү баа бере турган эл аралык уюмдардын байкоочулары катыша албай калышты, тилекке каршы. Байкоо салгандар болсо баары жакшы өттү, мыйзамдуулук сакталды деген жалпы жыйынтыкты чыгарып коет деп мен азыртан эле айтсам болот. Анткени, азыркы бийликти көбүрөөк колдогон уюмдар тарабынан жиберилген байкоочулар байкоо жүргүзүштү. А чыныгы ЕНЕМО сыяктуу эл аралык, тажрыйбалуу уюмдардын байкоочулары катышпай калышты.

Эл аралык байкоочулар болсо 22-октябрда байкоосунун жыйынтыгын жарыя кылып, өздөрүн жиберген уюмдарга отчетторун даярдоого киришти.

XS
SM
MD
LG