Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:35

22:30 БШК: Референдумга шайлоочулардын 80.64 пайызы катышты


Баш мыйзамдын президент Курманбек Бакиев сунуштаган долбоору менен шайлоо тууралуу кодекстин жаңы редакциясына добуш берүүгө 2 миллион 188 миң 217 киши катышты. Бул тууралуу Бишкекте өткөн маалымат жыйынында Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү маалымдады. Комиссия мүчөсү Жылдыз Жолдошеванын айтымында, эртең менен алгачкы жыйынтыктар белгилүү болот. БШК берген маалыматка ылайык, добуш берүүчүлөрдүн көрсөткүчү төмөнкүдөй болду:

Бишкек шаары боюнча – 70.13%;
Ош шаарында – 83.25%;
Жалалабат облусунда – 85.23%;
Ысыккөл облусунда - 81 %;
Нарын облусунда – 79.36;
Ош облусунда – 83.17%;
Чүй облусунда – 79.30%;
Талас облусунда – 77.11% шайлоочулар Референдумга келип, добуш беришкен. 22-октябрда референдумдун алдын-ала жыйынтыктары маалым болот. (ZMa)

XS
SM
MD
LG