Социал-демократтар партиясынын жооптуу катчысы Эдил Байсалов "Азаттыкка" кыргыз эли бул парламент таркатылды деп кайгырбасын айтты. “Анткени бул парламенттин кандай шайланып, канча акчанын, канча соттордун күчү менен келгенин баарыбыз билебиз. Акыйкатсыз шайлоолордон улам элдик революция болгон. Жогорку Кеңеш былтыр эле таркатылып, жаңы парламент келгенде элдин мүдөөсү тагыраак чагылдырылмак” дейт, Байсалов. Ал бул парламент жедеп эскирип, чирип ичинен минтип жарылып чыкканын, ошондуктан таркатылганы дурус эле болгонун, эми жаңы парламенттик шайлоолорго даярдык болуп, шайлоолорду таза акыйкат өткөрүп алуу маанилүү экенин кошумчалайт. Эдил Байсаловдун баамында бул жерде бир коркунуч бар. Ал – Курманбек Бакиев болобу, же жанындагыларбы, айтор кошоматчылар аларга Аскар Акаевдин кейпин кийгизип койууга даярдыгы. “Ушул нерсе парламенттик шайлоо өтүп жатканда Бакиевдин эсинде болушу керек” дейт, Байсалов. (EBM)
12:15 Э. Байсалов: Парламент моралдык, укуктук, конституциялык жактан эскирип чирип бүткөн