Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:17

17:16 Референдумда жол берилген мыйзамсыз аракеттер боюнча айрым бейөкмөт уюмдар билдирүү жасады


Бул туурасында «Болуш» ассоциациясынын жана «Таза табият» коомдук уюмунун жетекчилери «Азаттыкка» билдирди. Алардын айтымында кечээги өткөн жалпы элдик шайлоо учурунда, бюллетендерди тобу менен үкөккө таштоо, паспорту жок белгилсиз шайлоочуларды учаскаларга ташып келүү, көз карандысыз байкоочуларга карата коркутуулардын болушу жана жергилктүү бийликтин түздөн- түз кийлигишүүсү сыяктуу мыйзамсыз аракеттер Чүй аймагында да көп катталды. Андан сырткары Москва районундагы №304 шайлоо учаскасынын алдына бекер тамак да уюштурулган. Байкоочулардын баамында Чүйдөгү орус айылдарындагы добуш берүү 27 пайызды түзгөн, кыргыз айылдарында андан төмөн. Бирок БШК Чүй аймагындагы жалпы жыйынтык 80% жакын деп маалымат таратты. Эми аймактагы бир катар бейөкмөт уюмдар жогорудагы мыйзамсыз иштерге байланыштуу сотко кайрылат. (JJ)

XS
SM
MD
LG