АКШ президенти Жорж Буш Түркиянын президенти Абдулла Гүлгө күрт козголоңчулары менен күрөштө кызматташтыкка даяр экендигин билдирди. Кечээ Буш Ирактын өкмөт башчысы Нури ал-Малики менен дагы сүйлөштү. Анда ал-Малики менен Буш күрт козголоңчуларынын чабуулуна каршы күрөштө Түркия менен кызматташуу тууралуу макулдашты. 21-октябрда Түркиянын Ирак жана Иран менен чек арасына жакын жерде жикчил күрдүлөр аскердик бөлүккө кол салып, мындан он эки түрк жоокери набыт болгон.