Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:57

8:33 “Жашылдар” партиясы сотко кайрылууга даярданып жатат


19-октябрда “Жашылдар” партиясы “Ачка Кыргызстан Референдумга каршы” деген аталышта митинг өткөрүп, анда үн күчөткүч аппаратуралар, ураан-чакырыктар жазылган плакаттар жүктөлгөн автоунаа партиянын эки активисти менен кошо камакка алынган болчу. Буга байланыштуу партия лидери Эркин Бөлөкбаев Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчисин сотко берүү үчүн документтерди топтоп жатканын “Азаттыкка” маалымдады. Буга чейин “Жашылдар” партиясынын 19-октябрда митинг өтөрү тууралуу билдирүүсүнө шаар бийлиги Референдумга чейин нааразылык акцияларын өткөрбөй турууга үндөп, эгер буга макул болушпаса чара колдонуларын эскерткен. (ZMa)

XS
SM
MD
LG