Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:05

ИРАНДА ПРОФСОЮЗ ЖЕТЕКЧИЛЕРИ ДАГЫ КУУГУНТУКТАЛУУДА


Нарын АЙЫП, Прага Иранда камакка алынган көптөгөн адамдын катарында абактарда профсоюз жетекчилери дагы отурат. Алардын бири - Мансур Осанлунун көзү оорулуу жана ага тез арада операция жасалбаса, ал бир көзүнөн айрылышы мүмкүн. Анткен менен аны көрүүгө келген Эл аралык унаа кызматкерлеринин федерациясынын өкүлүн Иран бийлиги Осанлу менен жолуктурбай койду.

Тегеран шаарынын "Шеркат-и-Вахид" деп аталган унаа профсоюзунун төрагасы Мансур Осанлу эки жылдан бери бирде кармалып, бирде кайра бошотулуп келген. 2005-жылдын аягында ал Тегеран шаарынын автобус байланыш системасынын реформаланышын талап кылган митинг уюштурган, бирок андан көп өтпөй белгисиз адамдар аны көчөдө катуу сабап таштаган, дагы бир жолу аны кимдир бирөө бычак менен дагы сайып кеткен, акырында ал мындан үч ай мурда камакка алынып, азыр айтылуу Эвин абагында кармалууда.

Дүйнөлүк эмгек уюму, Эл аралык унаа кызматкерлеринин федерациясы жана башка уюмдар Иран жетекчилигине кайрылып, аны бошотууну талап кылууда. Федерациянын өкүлү, индонезиялык саясатчы Ханафи Рустанди жакында Ирандын Малайзиядагы элчиси менен сүйлөшүп, Тегеранга келип, абакта отурган Осанлу менен жолугуу жөнүндө макулдашкан, анткени ал азыр оорулуу жана тез медициналык жардамга муктаж.

Рустандинин айтымында, андай жолугушуу өткөрү демилгесин Иран тарап өзү көтөргөн жана Осанлу кандай абалда экенин өзүңөр келип көрсөңөр болот деп айткан. Бирок Рустанди сентябрда Тегеранга келгенде, бийлик андай жолугушуу өткөрүүгө уруксат бербей койду, абак жетекчилигинин айтымында болсо, Осанлуга жетиштүү медициналык жардам көрсөтүлүп жатат.

Анткен менен Федерациянын басма сөз катчысы Сэм Доусондун айтымында, Осанлу жөнүндө жетиштүү маалымат жок жана анын абалы начарлап баратат деп ишенсе болот: "Биз анын күтүүсүздөн бошотулушун талап кылабыз, бул иш өтө уланып кетти. Мансур Осанлу жана абакта отурган дагы бир адам - Эбрагим Медадини кыйноолор токтотулуш керек, алар тийштүү жардам албай жатат. Медади дагы оорулуу", - дейт Доусон.

Анын айтымында, Осанлу жетиштүү медициналык жардам алууда деген маалымат таптакыр калп жана абакта отурган туткундар катуу кыйноого алынып жатканы жөнүндө дагы маалыматтар бар: "Вахид синдикаты жана башка уюмдар менен профсоюздардын өкүлдөрү, алардын ичинде Мансур дагы, кандай кыйноого алынып жатканын элестетиш дагы кыйын", - дейт Доусон.

Осанлунун жубайы Парванэнин айтымында, анын абалы начарлап баратат: "Абактагы доктур аны карап чыккандан кийин, Мансурдун көзүнө операция жасалыш керек деп айтты. Түрмө жетекчилиги жана сот эми анын көзүн сактап калууга тез аракет көрүш керек, антпегенде ал көзүнөн айрылат. Мансур кармалгандан кийин мен дароо анын көзү оорулуу экени жөнүндөгү документтерди түрмө жетекчилигине алып барып бергем. Бирок алар ага өтө кеч көңүл бургандыктан, анын көзү азыр өтө начарлап баратат", - дейт Парванэ.

Айрым маалыматтарга караганда, Тегеранга өз өкүлдөрүн жиберүүгө Бириккен Улуттардын курамына кирген Дүйнөлүк эмгек уюму дагы азыр даярданып жатат жана аларды Осанлу менен жолуктурбай коюу Тегеран үчүн кыйын болот.

XS
SM
MD
LG