Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:48

КАТАРДАГЫ АЗИЯНЫН ФУТБОЛ ЧЕМПИОНАТЫНА КЫРГЫЗСТАН ДА КАТЫШУУДА


22-октябрда Катар өлкөсүнүн Доха шаарында уландар арасында футбол боюнча Азия чемпионатынын таймашуулары башталды. 45 өлкөнүн катарында кыргызстандык жаш футболчулар дагы мөрөй талашууда. Ошондой эле ноябрда жаштар арасындагы футбол боюнча Азия чемпионаты да Дохада болмокчу.

Азия аймагынан футбол боюнча 45 өлкөнүн жаш футболчулары Дохада 8 топко бөлүнүп, мыктыларды иргеп алуу мелдештерине катышууда.

Каражат жана виза маселелери учурунда чечилбегендиктен Кыргызстан командасы Дохага бир күнгө кечигип кетти. Кыргызстандык уландар командасын машыктыруучу Токтогон Элтинов жана өлкөнүн футбол федерациясынын жооптуу кызматкери Александр Агеев Дохага баштап барышты. Кыргызстандыктар «А» тобунда Сирия, Йемен, Оман, Пакистан өлкөлөрүнүн футболчулары менен күч сынашууда.

Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Бообек Кадыркуловдун айтымында футболго өкмөттүн деңгээлде көңүл бурулбагандыктан уландардын аракети дурус болгону менен чеберчилиги чийки.

Чынында кыргызстандык жаш футболчулар үчүн бул Азия чемпионатынын мелдештери кыйынга турчудай. Себеби Эл аралык футбол федерациясынын иликтөөсү боюнча Йемен, Сирия, Оман өлкөлөрү рейтинг боюнча дүйнө жүзүндө Кыргызстандан бир кыйла алдыңкы орунда турат.

“Заман Кыргызстан” жумалыгынын баяндамачысы, футбол ардагери Табылды Асыгалиевдин пикиринде Кыргызстанда футболго шыктуу таланттуу балдар арбын. Аларга шарт түзүп берип, эл аралык мелдештерге жиберип турса чеберчилиги өсүп, футбол менен Кыргызстанды таанытууга дарамети жетмек.

Ошондой эле Азия аймагында 2010- жылы Түштүк Африка өлкөсүндө өтө турган дүйнө чемпионатына иргеп алуу мелдештеринде Сирия Ооганистанды 3:0 эсебинде, Ливан Индияны 4:1 эсеби менен, Оман өлкөсү Непалды 2:0 эсебиде утуп алышты. Ошондой эле Сингапур Палестинаны, Тайланд Макаону, Бириккен Араб Эмираттары Вьетнамды, Йемен Мальдив аралдарын жеңип, үчтөн упай топтоп, кийинки жооп оюндарына камылга көрүп жатышат. Кувейт менен Индонезия өлкөлөрүнун атаандаштары оюндан баш тартышканы үчүн алар экинчи этапка чыгышты.

Борбор Азиядан Тажикстан өлкөсү Камбоджа мамлекетин утуп алып, эми алар менен 28-октябрда Дүйшөмбүдө жооп иретине ойнойт.

Өзбекстандын улуттук командасы Кытайдын Тайпей өлкөсүнүн футболчуларын хоокейдик эсеп 9:0 эсебинде утуп Азия аймагына дүң болду.

21-октябрдагы акырык беттешүүлөрдүн жыйынтыктарын дагы футбол күйөрмандарына айта кетейин. Бахрейн Малайзияны 4:1 эсебинде, Кытайдын футболчулары Мьянма өлкөсүн 7:0 эсеби менен утуп, алар 28- октябрда жооп иретиндеги таймашууга кайра чыгышат. Түндүк Корея Монголияны 4:1 эсебинде, Катар өлкөсү Шри-Ланканы, Гонконг Чыгыш Тимор өлкөсүн жеңип алышты.

Эми 28-октябрда 2010- жылкы дүйнө чемпионатына иргеп алуу мелдештеринде 32 өлкөнүн футболчулары жооп иретиндеги экинчи беттешүүдө күч сынашат. Жеңип чыккан командалар экинчи этапка чыгып, мыктылары дагы иргелет.

28-октябрда Кыргызстандын улуттук тандалма командасы Йорданиянын борбору Амман шаарындагы жооп иретиндеги оюнда тең чыкса эле экинчи этапка чыга алат.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG