Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:06

14:15 Г.Искакова: Президенттин парламентти таркатуусуна эч кандай негиз болгон эмес


Бул тууралуу билдирген Борбордук Азиядагы Америка Университетинин профессору Гүлнара Искакованын айтымында, парламент эл тарабынан шайланып, шайлоого көптөгөн финансылык каражат жумшалат. Негизинен парламент оңой-олтоң эле таркатылбайт. Искакова белгилегендей Жогорку Кеңештин Конституциялык сотко ишеним көрсөтпөөсү эч кандай укуктук натыйжа бербейт. Бул болгону саясий чечим. Депутаттык комиссиянын Конституциялык соттун ишмердүүлүгүн текшериши - бул парламенттин кадыресе көзөмөл кылуу укугу. Буга байланыштуу карама-каршылык издеп, парламентти таркатууга эч кандай негиз жок, дейт Искакова. Анын айтымында, президент Жогорку Кеңеш менен жалпы тил табыша албай, же болбосо бийликтин эки бутагы тил табыша албай “ак үйдөгү” саясат таануучулар Консититуциялык сотту курал катары пайдаланышкан. Искакова ошондой эле күтүүсүздөн парламенттик шайлоо өткөрүү демократияга ылайык келбестигин белгилеген. (AJ)

XS
SM
MD
LG