Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:50

19:07 Мыйзамдуулук үчүн бейөкмөт уюмунун директору А.Кангелдиевди Ош шаар соту 5 күнгө камады


ОШ.Бул жөнүндө Абдыкаим Кангелдиевдин ишенимдүү кишиси Зыйнакан Калыгулова 23-октярда “Азаттыкка” кабарлап, сот Абдыкаим мырзаны камоонун себеби катарында үч ирет процесске жүйөсүз келбей койгондугун кошумчалады. Жергиликтүү укук коргоочу Эргешбай Садыков Кыргызстан диктатура жолуна түшкөнүн, бийликке каяша сүйлөп сын-пикир айткандарды, айрыкча коомдук уюмдардын лидерлерин коркутуп-үркүтүү, же көзүн тазалоо көнүмүшкө айланып бараткандыгына кабатырланды. (ATo)

XS
SM
MD
LG