Линктер

шейшемби, 24-октябрь, 2017 Бишкек убактысы 06:41

8:12 Бишкекте бүгүн Үчүнчү эл аралык “Агропромэкспо” көргөзмөсү өтөт


К. Кожомкул атындагы спорт ордосунда өтө турган көргөзөмөдө Кыргызстан, Орусия, Казакстан жана Германиянын жетимиштен ашуун компаниялары өндүргөн товарлар коюлат. Иш-чара башка өлкөлөр менен соода-экономикалык алаканы өнүктүрүү, өндүрүүчү менен керектөөчү ортосунда тыгыз байланыш түзүү максатын көздөйт. Үч күнгө созула турган көргөзмөнү өлкөнүн Айыл-чарба, суу жана кайра өндүрүү министрлиги, Соода-өндүрүш палатасы уюштуруп жатат. (ZMa)
XS
SM
MD
LG