Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:44

АЗИЗА АБДРАСУЛОВА: АКСЫ ОКУЯСЫН СОТ КАЛЫС КАРАГАН ЖОК


Жалалабатта кечээ Бишкек гарнизондук аскер соту Аксы окуясы боюнча сот ишин аяктап өкүмүн угузду. Ага ылайык бул окуя боюнча айыпталып жаткан ишки иштер министринин мурдагы биринчи орун басары Садырбек Дубанаев коюлган айыптар далилденбегендигине байланыштуу акталып чыкты. Ошол эле учурда облустун мурдагы прокурору Зоотбек Кудайбергенов менен облустук милициянын мурдагы башчысы Кубанычбек Токобаев эки жылдык сыноо мөөнөтү менен беш жылга эркинен ажыратылды. “Азаттыктын” таңкы коногу укук коргоочу Азиза Абдурасулова ушул маселелер боюнча маек куруп берген.

- Алгач сот өкүмү тууралуу айтсаңыз. Кечээ аксылыктар бул өкүмгө алымсынбаганы айтылды эле?

- Бир эле аксылыктар эмес биз деле алымсынган жокпуз. Бул кезектеги эле бир белги болуп калды. Соттук териштирүү, иликтөөлөр көрсөткөн Аксы окуясынын чыгышына алардын күнөөлөрү бар экенин. Анан болор-болбос айып угузганына мен дагы алымсынган жокмун. Биз бул чечимди жогорку жактарга аппеляциялык арыз менен кайрылууга даярданып жатабыз.

- Сот бул ишти бир айга жакын карады. Бул сот ишинин жүрүшүнө кандай баа бересиз?

- Мен эки нерсеге токтолгум келип турат. Соттун иши боюнча. Биринчиден, прокуратура тарабынан жетишээрлик айып коюлган эмес. Болор-болбос айып коюлган. Токобаев менен Дубанаев экөө ортодо бир документти оңдошкон. Башкача айтканда, “Тайфун” операциясын киргизишкени боюнча документти оңдошкон. Ал эми оңдолгон документке прокурор жеткиликтүү көзөмөл кылган эмес деген гана айып коюлган. Ал эми Токобаев Калбаев менен Кулуевге курал жарак бергени боюнча буйругу, курал колдонгону, адамдардын өлүмү боюнча соттук иш боло элек. Бул биринчи жагы. Ошондуктан прокуратура жетишээрлик айыпты толук коюш керек эле. Экинчи жагы бул окуяга күнөөлүү болгон ошол кезде кызмат абалдагы адамдардын баардыгы жеткиликтүү түрдө сот жообуна тартылган жок. Бөлүп-бөлүп карап жатышат. Биринчи жергиликтүү, райондук, облустук деңгээлде карап жатышат. Ушулардын баары сотко бир убакта жооп бергенде кимдин канчалык деңгээлде айыбы бар экени ачык дайын болмок. Азыр жок адамга эле шылтап жатышат. Азыр көбүнчө Карыпкуловго, Акаевге шилтемелер берилди. Бирок сотто ал адамдар жок да. Ошондуктан канчалык деңгээлде бул шилтемелерге биз ишене алсак болот. Кудайбергенов менен Чубак Абышкаевдин ортосунда карама-каршылыктар көп болду. Буларга жеткиликтүү териштирүү, тергөө, прокуратура өзүнүн баасын бера алган жок. Ошондуктан жарым-жартылай чечим чыгып калды деп ойлоймун.

- Сиз Аксы окуясынын чыныгы күнөөкөрлөрү өз жазасын алып, сот иши өзүнүн ишин аягына чыгат деп ишенсизби?

- Бул өтө чоң трагедия болгон да. Көптөгөн адамдардын өлүмүнө, жарадар болушуна алып келген. Ошол кездеги мыйзамдар толук бузулган. Эл аралык стандарттар бузулган. Ошондуктан буга бир гана жергиликтүү деңгээлде эмес өтө жогорку мамлекеттик деңгээлде кызмат абалындагылар да жоопкер болуп калышат да. Ошондуктан менимче бул Аксы окуясынын аягына чыгышына өтө кыйынчылык жана тоскоолдуктар болушу мүмкүн. Бирок, мен ушул он жети күндүк соттук процессте материалдар менен таанышып, күбөлөрдүн сөзүн уккандан кийин кайра дагы өзүмө бир чечимге келдим. Бул Аксы окуясы акырына чыкпаса Кыргызстанда кайра мындай окуянын кайталанып кетиши бул турган иш экен. Ошондуктан Аксы окуясы сөзсүз түрдө аягына чыгыш керек.

- Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG