Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:36

“ДОРДОЙ-ДИНАМОНУН” МАШЫКТЫРУУЧУСУ ЖАНА ОЮНЧУЛАРЫ ПРЕЗИДЕНТТЕН СЫЙЛЫК АЛЫШТЫ


23-октябрда президент Курманбек Бакиев Нарындын “Дордой-Динамо” футбол клубунун машыктыруучусуна жана үч оюнчусуна өкмөттүк сыйлыктарды тапшырды. Мамлекет башчы команда мүчөлөрүн жакында Пакистандагы жеңиши менен куттуктап, Бишкектеги «Спартак» стадионунун эл аралык деңгээлде кайра реконструциялоого убада берди. Ошондой эле 2009- жылы Азия конфедерациясынын президентинин Кубогун Бишкекте өткөрүү демилгесин колдоорун билдирди. Футбол адистери, жетекчилери президентке көйгөйлөрүн айтып, өкмөттүк деңгээлде жардам берүүсүн өтүнүштү.

Президент Курманбек Бакиев өкмөт үйүндө “Дордой-Динамо” футбол клубунун жетекчилерин жана мүчөлөрүн экинчи ирет кабыл алды. Футбол дүйнө жүзүндө биринчи спорттук оюн экендигин, Кыргызстанда анын өсүп-өнүгүшүнө “Дордой-Динамо” футбол клубу салым кошуп жатканын өлкө башчысы белгилеп, футболчуларга шарт түзүп, өкмөттүк деңгээлде колдоо болооруна убадасын берди.

Жолугушууда өлкөнүн футбол федерациясынын президенти Амангелди Муралиев стадиондордун абалы начарлыгын, айрым футбол аянтчалары менчиктештирилип, башка максаттарга пайдаланылып жаткандыгын айтты.

“Дордой-Динамо” футбол клубунун негиздөөчүсү Аскар Салымбековдун пикиринде Кыргызстандагы спорттук базалар учур талабына жооп бербейт.

“Президент менен жолугушууда футбол көйгөйлөрүн ортого салдык. Ал Бишкектеги «Спартак» стадионун эл аралык деңгээлде кайра реконструциялоого убадасын берди. 2009-жылы Азия конфедерациясынын президентинин Кубогун Бишкекте өткөрүү демилгебизди колдоп, футболчуларга жардам берээрин билдирди»-, дейт Аскар Салымбеков.

Кыргыз футболунун өнүгүшүнө салым кошкондугу жана Азия футбол федерациясынын Кубогун эки ирет жеңип келгени үчүн Нарындын “Дордой-Динамо” командасынын машыктыруучусу Борис Подкорытовго президент “Даңк” медалын тапшырды. Ошондой эле “Дордой-Динамо” командасынын чабуулчулары Замирбек Жумагулов менен Азамат Ишенбаев жана дарбазачы Валерий Кушуба Ардак громата менен сыйланышты.

Нарындын “Дордой-Динамо” командасынын чабуулчусу Замирбек Жумагуловдун айтымында, быйыл “Дордой” футбол клубу өлкө чемпиондугун сактоого аракет кылышканы менен 28- октябрда Йорданияда болчу жооп иретиндеги беттешүү кыйынга турчудай.

“Дордой-Динамо” командасынын коргоочусу Талант Самсалиев да бул пикирди бекемдеп өлкөнүн тандалма командасынын машыгуусу үчүн шарт түзүлбөгөнүн, жеңиш оңой менен келбестигин кошумчалады.

Мындан он жыл мурда түзүлгөн “Дордой” футбол клубу эл аралык мелдештерде өлкө намысын коргоп, мөрөй алып жүрөт. Кыргызстандын футбол боюнча чемпионатында үч жолу баш байгенин ээси болгон. Алгачкы ирет Азия футбол федерациясынын президентинин кубогунда финалда Тажикстандын чемпиону “Регар” командасына женилип күмүш байгелүү болсо, былтыр Малайзияда өткөн бул мелдеште чемпион аталган. Ошондой эле быйыл сентябрда Пакистанда чемпиондугун сактоо менен Азия футбол федерациясынын президентинин кубогун экинчи ирет утуп келди.

Команданын катарында 10 спорт чебери бар. “Дордой” футбол клубу 13 мүчөсү өлкөнүн тандалма командасынын катарында ойноп жүрөт.

«Дордой» ассоциациясы футболдон сырткары өлкөнүн күрөш, бокс, кикбоксинг, теннис жана улуттук оюндар көкбөрү, ат чабыш командаларына дагы колдоо көрсөтүп, демөөрчүлүк жардамын берип келүүдө. Ошондой эле бир нече спорттук жайларды куруп, Бишкекте футболдук база түзүүдө.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG