Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:45

ГЕРМАНИЯ: “ТЕРРОР АКТЫЛАРЫН ДАЯРДАГАН” ДЕП ӨЗБЕК КИШИ ШЕКТЕЛҮҮДӨ


Германиянын полициясы “өлкөдө бир топ террор чабуулдарын пландаштырган” деп шектелген адамдын ысмын атады. Полициянын ишениминде, исламисттер өзбекстандык Гофир Салимовко Рамштайндагы америкалык аскерий базага, АКШнын жана Өзбекстандын консулдук кызматтарына каршы чабуул коюуну тапшырышкан. Өзбек бийликтери да Салимовду өлкөдөгү террор актыларына тийешеси бар деп, кыдырып жүрүшөт.

Москвада адам укугун коргоо менен алектенип келаткан “Мемориал” борборунан алынган маалыматка ылайык, түп-теги ташкендик Гофир Ташпулатович Салимовду өзбек бийликтери “антиконституциялык аракеттери” үчүн 2000-жылдан бери эле издеп жүрүшөт.

Ташкендеги укук коргоочу Сурат Икрамов биздин радиого айтканына караганда, өзбекстандык бийликтер баш калаада 1999-жылдын февралында болгон теракттан кийин издей башташты. Ал жолку жарылуудан 16 адам мүрт кеткен эле.

Германиянын мамлекеттик сыналгы каналы шейшембиде Салимовду Ирандын Захидан деген шаарында жашырынып жүрөт деп билдирди. Немис полициясы “Салимов сентябрда полиция тарабынан толук ачылбай калган бир топ терракттарды жасоону пландаштырган” деп ишенет.

Немис полициясы сентябрда Рамштайндагы америкалык аскерий базага, АКШ жана өзбек консулдуктарына чабуул коюуга далалаттанган деп, үч кишини камакка алган эле.

Германиянын Ички иштер министри Вольфганг Шаубл 5-сентябрда бул тууралуу айтып жатып, Ислам Жихад Биримдиги өлкөдө “өтө алкактуу” чабуулдарды даярдашканын айткан.

- “Аль-Каида” менен тыгыз байланышта турган бул Ислам Жихад Биримдиги немистерге Ооганстанда эле кол салбастан, биздин өлкөгө да масштабдуу чабуулдарды коюуга даярданган. Биздин коопсуздук кызматтарыбыз айтышкандай, эгерде алар чындап эле максатына жетип, чабуулдарды коюшканда, анын кесепети аябай эле чоң болмок, - деди немис ички иштер министри Вольвганг Шаубл.

Ошондо колго түшүрүлгөн үч адам тууралуу немис маалымат булактарында экөөсү ислам динине өткөн немистер экени, ал эми бирөөсү түрк болгону айтылды. Алардан бир топ эле бомба жасаганга жетчү химиялык заттар табылганы да кошумчаланган. 2006-жылы, полициянын ишениминде, ал кишилер Пакистанда атайын даярдыктан өтүп, ал жерде Салимовдон буйрук алып келишкен имиш.

Ошентип, полиция азырынча Салимовду Захидан шарында бекинип жүрсө керек деп жатат. Пакистандагы Захидан жана Машхад деген шаарларда 1990-жылдары 100 дөй өзбек көчүп кеткени айтылууда.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG