Маалыматтарга ылайык, өрт алып келген чыгымдар бир миллиард долларга бааланууда. Жекшемби күнүнөн бери аталган штаттан жарым миллион адам чыгарылып кетти. Президент Жорж Буш өрт болуп жаткан аймакта чукул кырдаал жарыялады. Жаратылыш кырсыгы үч адамдын өмүрүн алып кеткени кабарланууда.