Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:20

10:28 Уу зат калдыктары айлана чөйрөгө жана адам өмүрүнө коркунуч алып келүүдө


Кечээ Коопсуздук кенешинин аппаратынын жыйыны ушундай тыянакка келди. Жыйын уран калдыктарын сактоочу жайга уруксаты жок адамдарды киргизбөө, Актүздөгү, Миңкуштагы жана Сумсардагы (Жалалабад облусу) уран калдыктарын сактоочу жайларды реабилитациялоо жана коруу боюнча долбоорлорду иштеп чыгуу, уу зат калдыктары сакталчу жерлерге байкоо жүргүзүү жана көзөмөлдү күчөтүү чечими кабыл алынды. 10-ноябрга чейин Экологиялык коопсуздук жөнүндөгү концепциянын долбоору жөнүндөгү жардык даярдоо Коопсуздук комитетинин аппараты менен Өкмөттүн алдындагы айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигине тапшырылды. Жыйынды коопсуздук кеңештин катчысы Токон Мамытов алып барды. Жыйында уу зат калдыктарын сактоонун абалына жана Экологиялык коопсуздук боюнча концепцияга байланышкан эки маселе каралды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. (BuS)

XS
SM
MD
LG