Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:24

ДЕПУТАТТАР АВТОУНААСЫН, КАБИНЕТИН ТАПШЫРЫШТЫ, АЛ ЭМИ КЫЗМАТТЫК ҮЙЛӨРҮНЧҮ?


Президенттин парламентти таркатуу тууралуу жарлыгы чыгаары менен айрым депутаттар кызматтык автоунааларын дароо тапшырып, өздүк буюмдарын алышып, кабинеттерин дагы бошотуп беришти. Депутаттардан эң акыркы болуп Санжар Кадыралиев менен Ташкул Керексизов кечээ автоунааларын тапшырышты. Ошондой эле кызматтык турак үйлөрдө жашап турган депутаттарга квартираларды тез арада бошотуу тууралуу парламенттин иш башкармачылыгы кат жолдоду.

Президенттин жарлыгы чыгаары менен жарым саат өтпөй парламенттин гаражына кызматтык автоунаасын алгачкы болуп Болот Шерниязовдун айдоочусу Талант тапшырды. Жогорку кеңештин гараж башчысы Сейитбек Өмүрбековдун пикиринде 22 миң долларга жаңы гана алынган “Тойота-Камри” үлгүсүндөгү автоунааларды он күн да айдап, убайын көрбөй калышкан депутаттардын абалын түшүнсө болот.

Ошон үчүн учурунда автоунаасын тапшырбаган депутаттарга чара көрүлүп, МАИ кызматкерлерине эскертилип, кызмат унааларынын мамлекеттик номурлары чыгарылып алынган.

Депутаттык кызмат унааларын текшерүү убагында МАИ кызматкерлери 12 машинаны токтотсо, алардын үчөө Жогорку Кеңешке эч кандай тийешеси жок болсо дагы, KG номурун тагып жүрүшкөнү белгилүү болду.

Бишкек шаардык МАИ кызматынын жетекчиси Эмилбек Абдиевдин айтымында айрым депутаттар, кызматтан бошогон министрлер, мамлекеттик чиновниктер өздөрүнө бекитилип берилген KG номурларын өткөрбөй, туугандарынын же балдарынын автоунааларына тагып жүрүшөт.

Парламенттин иш башкаруучусу Алишер Абдимомуновдун айтымында депутаттарды жана алардын жардамчыларын тейлеген кызматтык 124 автоунаа Жогорку Кеңештин гаражына токтотулуп турат. Алардын 24 жаңы сатылып алынгандыктан, эскилиги жеткен 24 автоунаа президенттин иш башкармалыгынын карамагына өткөрүлүп берилгени даярдалып жатат.

Президенттин парламентти таркатуу тууралуу жарлыгы чыккандын эртеси экс- депутаттар колдонуп жүрүшкөн кызматтык кол телефондору да өчүрүлүп, кабинеттерин дагы өткөрүп беришкен.

Парламенттин иш башкаруучусу Алишер Абдимомуновдун айтымында экс- депутаттар менен алардын жардамчыларынын айлык акылары президентин жарлыгы чыккан күнгө чейин гана төлөнүп берилет.

Жогорку Кеңештин иш башкармалыгы парламенттин кызматтык үйлөрүндө турган экс-депутаттарга кат жолдоп, квартираларды тез арада бошотууну талап кылды.

Анда иш башкармалыгы экс-депутаттардан мамлекеттин эсебиндеги турак үйлөрдү бошотуп берүүнү сурап, муну жаңы парламенттик шайлоо жарыялангандыгы менен негиздеген. Иш башкармалыктын эсеби боюнча 27 депутат жалданма батирде жашап, анын акысы Жогорку Кеңештин эсебинен төлөнүп келатат.

Ал эми жети экс-депутат Жогорку Кеңештин кызматтык турак үйлөрүндө жашап жатышат. Алардын катарында Карганбек Самаков, Өмүрбек Текебаев, Азиз Турсунбаев, Болот Шерниязов, Азимбек Бекназаров, Сайдилла Нышанов жана Арслан Малиев бар.

Бул тууралуу «Азаттыкка» башкармалыктын ага кеңешчиси Гүлмира Жолдошева билдирип, мурдакы мыйзам чыгаруу жана эл өкүлдөр палатасынын экс- депутаттары Анвар Артыков, Болотбек Кудайбергенов, Мухтар Орозбеков, Ишенбай Молдоташев, Бакирдин Жолчиев, Самаган Маматов жана Курманбек Шарипов да кызматтык турак үйлөрдү бошотпой жатышканын айтты.

Парламент депутаттары кызматтык автоунааларын тапшырган сыяктуу эле кызматтык үйлөрүн, кабинеттерин жана кол тийбестикке кепил болгон депутаттык мандаттарын тапшырып, өз бизнестерин өнүктүрүүгө калканыч боло албай калышат. Бул жагдайды парламентти таратуу жарлыгын жарыялап жатып, президент Курманбек Бакиев да белгилеп, депутаттары мыйзам чыгаруудан алаксып , өз бизнестерин же туугандарынын ишкерлигин өнүктүрүүгө көбүрөөк басым жасаганын сынга алган.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG