Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:42

8:07 Журналисттерди коргоо комитети А. Саиповдун өлүмү боюнча билдирүү таратты


Нью-Йоркто жайгашкан Журналисттерди коргоо комитети өз билдирүүсүндө журналист Алишер Саиповдун өлүмүн кескин сынга алып, кыргыз бийлигин кылмышкерлерди таап, жазалоого чакырат. “Анжияндагы коогалаңдан кийин өзбек бийлиги оппозицияны, укук коргоочуларды жана көз карандысыз журналисттерди куугунтуктап келет” деп айтылат билдирүүдө. Маалыматтарга ылайык, буга чейин Саипов бир катар коркутуп-үркүтүүлөрдү камтыган каттарды алган. Жакында эле өзбек сыналгылары аркылуу Саиповду каралаган берүү көрсөтүлгөн. А. Саипов өз макалаларында Өзбекстандагы режимди айыптап келген. (ZMa)

XS
SM
MD
LG