Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:15

8:52 Оппозициянын жаш лидерлеринин бири Адилет Айтикеев кармалды


Бул тууралуу “Азаттыкка” “Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдырасулова билдирди. Анын айтымында, “Канжар” жаштар кыймылынын лидери А. Айтикеев Казакстандын Алмата шаарында тергөөдөн качып жүргөн. Окууну улантуу үчүн документтерин алуу максатында Кыргыз-түрк “Манас” университетинин ректору менен байланышка чыкканда, ректор аны өзүнүн иш бөлмөсүнө чакырган. “Айтикеев ректор менен жолугушуу үчүн келгенде, аны УККнын кызматкерлери күтүп турган экен. Менин маалыматым боюнча, Адилет азыр УККда сурак берип жатат”,-деди Азиза Абдырасулова. А. Айтикеев 19-апрелдеги митингде массалык баш аламандыкты уюштурган делип Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет тарабынан камакка алынып, кийинчирэк депутаттардын кепилдиги менен баш коргоо чарасы өзгөртүлгөн соң 27-апрелде камактан бошотулган. (ZMa)

XS
SM
MD
LG