Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:31

АКШ ӨКМӨТҮ ИРАНГА ЭКОНОМИКАЛЫК КЫСЫМДЫ ДАГЫ КҮЧӨТТҮ


АКШ Иранга каршы кошумча санкция киргизээрин жарыя кылды. Ага ылайык, АКШнын банктары Ирандын коргоо министрлигин, Ислам революциясынын сакчылар корпусун, жыйырма ашуун банктарды жана компанияларды, жеке инсандарды тейлебейт. Катаал чара Ирандын Ирактагы жана Жакынкы Чыгыштагы террорчул уюмдарды колдогону, ракета жана баллистикалык ракеталардын технологиясын таратканына байланыштуу кабыл алынды. Максат- Иранга саясый кысым жасап, ядролук дымагынан жана Ирактагы козголоңчуларды колдоодон баш тарттыруу.

Кошумча санкция жөнүндө АКШнын Мамкатчысы Кондолиза Райс менен Финансы министри Генри Поулсон чогуу билдиришти. Райс айым жаңы санкциянын мааниси тууралуу мындай деди:

-Бул АКШлык жарандар же менчик уюмдар береги тизмедеги адамдар жана мекемелер менен финансылык мамиле түзө албайт дегенди түшүндүрөт. Кошумча дагы алардын бар мүлкү АКШнын мыйзамына жараша токтоосуз камакка алынат. Мындай чара эларалык финансы системасын Ирак өкмөтүнүн мыйзамсыз ишмердүүлүгүнөн коргойт.

Райс айым Ак Үй АКШ- Иран арасындагы талашты дипломаттык жол менен жөндөөгө ынтызар экенин эки ирет белгилеп, Батыштын, анын ичинде АКШнын аракетине карабай, Тегеран өзүнүкүн бербей жатканын айтты:

-Тилекке каршы, Иран өкмөтү биздин сүйлөшүү жөнүндөгү сунушубузду таназарга албастан ядролук технологияны өнүктүрүп, тынчтыкка жана коопсуздукка коркунуч туудурууда. Бул ядролук куралданууга, опурталдуу баллистикалык ракетаны жасоого, Ирактагы шиит согушчандарын, ошондой эле Ирактагы, Ооганстандагы, Ливандагы жана Палетинанын территориясындагы террорчуларды колдоого алып барышы ыктымал.

Финансы министри Поулсондын айтышынча, Иран ядролук жана ракета программасын, ошондой эле террорчу топторду каржылоодо эларалык банктарды пайдалангандыктан, санкциянын таасири өтө күчтүү болот. Поулсон “кара тизмедеги” Ислам революциясынын сакчылар корпусу өлкө экономикасына камыр- жумур аралашып жатканына да көңүл бурду:

- Ислам революциясынын сакчылар корпусу Ирандын экономикасы менен коммерциялык ишканаларына терең кирип кеткен. Ошон үчүн, кимде ким Иранда бизнес кылса, береги корпус менен иштешкени күмөнсүз.

Ислам революциясынын сакчылар корпусу 1979- жылкы Ирандагы ынкылаптан соң түзүлгөн. Курлдуу күчтөрдүн бардык түрлөрүндө анын өз бөлүктөрү бар. 1980-88- жылдардагы Иран- Ирак согушу маалында, бул корпус ири аскерий, саясый жана экономикалык күчкө айланган. Корпустун ветерандары Иран өкмөтүндө маанилүү орундарда отурушат. Алардын бири президент Махмуд Ахмединежад.

АКШнын ырасташынча, Ислам корпусу Ливандагы хезболлачыларды, Палестин террориториясындагы ХАМАСты жана Ирак козголоңчуларын каржылап, машыктырууга жардамдашып келет.

XS
SM
MD
LG