Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:04

«АК ТЕРЕК, КӨК ТЕРЕК, БИЗДЕН СИЗГЕ КИМ КЕРЕК?»


Ошентип, Ак Сайдан- Көк Сайга көчмөй оюну башталды. Вице-спикер К.Исабеков баш болгон 12 экс-депутат «Ак жолду» коздөй жол тартса, К.Карабеков, К.Иманалиев, О.Артыкбаев, З.Эсенаманов, С.Урманаев «Ак шумкардан» уча качышты. «Ак шумкар» болсо «Ата Мекендин» койнунан байыр тапты,-деп маалымдаган «Жаңы ордо» гезити редакцияга жеткен маалыматтар боюнча партиялык тизмеге биринчи болуп жазылыш үчүн бир талапкер олчойгон сумманы садага чабышы керек, жогоруда аттары аталгандар итке минген кедей-кембагалдардан эмес, арасында Артыкбаев, Урманаев сыяктуу байлары бар. Анын үстүнө 1 миллион сом ыргытып, «Ак шумкардын» тизмесине илинген күндө деле аталган партия утуп чыкса, баарына эле орун тие койбосу белгилүү. Ашып кетсе 2 же 3 киши гана өтүшү мүмкүн. Ал эми биринчи, экинчи орун Байболов, Текебаев өңдүү күркүлдөрдөн ашпайт, демек бул жолку шайлоо деле кайра эле капчыктардын кагылышы болот,-деп жазды гезит.

«Адилет + «Алга» = «Ак жолбу?» деген макаласына окурмандардын көңүлүн бурган «Агым» гезитинин башкы редакторунун орунбасары Абдубахап Мониев Бакиевди ашкере колдойт деген Түштүктөн мисал тарталы деп баштайт баяндамасын. Маселен, Араван районунда Чөгөм деген айыл бар. Жакында ошол айылда болгонубзда мектеп мугалими Нажимидин Курбанбаев, «президент өзү биринчи болуп Конституцияны бузуп жатпайбы… эл чарчап келип кечкисин телевизорго олтурса КТРды бүт бойдон Бакиев ээлеп кыжырга тийип атат, «катынымы саясатка аралаштырбайм» деген президенттин катыны КТРдан чыга баштады, Бакиев Акаевдин жолуна түшүп эле тим болбой андан ашып түштү» дегенин басып, «бул бийлик Кыргызстанды таратып жок кылганы калды» деп айткан дагы бир мугалим Жамшит Бекташевдин оюн далилге тартып, Акүй бүгүн өзүнө жалгыз атаандаш боло турган «Ата Мекенден» коркунучту сезип, мамлекеттик массалык маалымат каражаттары аркылуу караламай акциясын эртелеп баштаганын, 15 жыл бою Акаев менен кармашып келген Текебаевди акаевчил кылып көрсөтүп, эптеп мыйзамсыз жолдор менен «Ата Мекенди» шайлоодон жыгып, анын ордуна Атамбаев лидери болгон «Социал-демократтар» партиясын оппозициянын үлгүсү катары парламентке алып өтүүнү пландаштырып жатканын баяндады.

Саясаттан башы чыкпаган Кыргызстан алдыдагы парламенттик шайлоодо канча каражат мойсоорун бүгүн жарык көргөн «Новый Кыргызстан» гезити кабарлады. Борбордук шайлоо Комиссиянын эсеби боюнча 16-декабрда өтө турган шайлоого калк казынасынан-151 миллион 522 миң 400 сом кетет экен. Ушул эле гезит акырындык менен бийлик тарабынан басма сөзгө мамиле катаалдап баштаганын, өлкөнүн дээрлик бардык телеканалдары менен гезит-журналдары президентти айланып, тегеренип, «баары жакшы», «баары сонун» деп сайрап жатышканын, 1-Май раймилийсасы тарабынан референдум тууралуу маалыматты жарыялоого камданып жаткан кыргыз тилдүү бир гезитти нуска-мускасы, компьютери менен кошо алып койгонун, журналисттери тергөөчүлөргө темтеңдеп сурак берип жүргөнүн, өлкө чындап эле өнүгүүнүн жаңы жолуна - хан Ормондун уулу Үмөталынын же андан жүз жылдан кийин бийликке келип дүйнөгө «азиялык башкаруунун» үлгүсүн көрсөтүп туруп, о дүйнө салып кеткен Түркмөнбашынын жолуна түшкөнү калды деп маалымдады.

«Белый пароход» гезити «Үчүнчү парламенттин элесине» деген макаласында, жаңы эле тараган Жогорку Кеңешти- бирөөлөр «чөнтөк парламент» десе, бирөөлөр «тентек парламент» дегенин, чынында эле ал тигиндей да, мындай да болгонун, Акаевдин каалоо-тилегинен жаралган парламентти алгач эл бийлик кайда айдактаса ошол жакты талап чуркаган парламент болот деп ойлогонун, ырасында көбү дал ошондой болгонун, бирок арасында акыйкатка төшүн тосуп, узурпаторлук мандеми бар бийлик режимине каршы турганга аракет кылгандары да жүргөнүн… кыскасы 3-парламент кандай парламент болгонун тарых өзү тастыктарын сөз кылды.

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ
XS
SM
MD
LG