Мындай борбор аймактагы Кызыл Жарым ай улуттук коому тарабынан уюштурулуп жатат. Аталган эл аралык уюм апрель айында кара жумушка тартылган жана кароосуз калган балдар көйгөйүн иликтеген. Иликтөө иштерине эки жүздөй бала тартылып, коомдо аларга карата жекирүү, басынтуу сыяктуу мамилелер бар экендиги, медициналык жана башка социалдык жардамдарды дээрлик албай турганы анык болгон. Расмий бүгүн ачыла турган балдар борбору жетимиштей жеткинчекке билим берүү, аларды кайсы бир адистиике үйрөтүү жана жумуш таап берүү жагынан каралашып, убагында даарылынып турушуна көзөмөл кылмакчы. (EBM)