Мал ылаңынын жайылышына байланыштуу өкмөт кабыл алган токтомдо күйдүргү, шарп, мал сасыктумоосу жана бруцеллез жайылып, эпизотиялык кырдаал өтө татаал экени белгиленген. Мал ылаңдарынын алдын алуу, мал ээлеринин, ветеринардык дарыгерлердин жоопкерчилигин күчөтүү боюнча мыйзамга кошумчаларды киргизүү, ылаңдын жайылышына жол бергендерге чара көрүү, лабораториялык-диагностикалык борборлорду жабдуу, жетиштү өлчөмдө каржы бөлүү өкмөттүн токтомунда көрсөтүлгөн. (AiT)