Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:05

14:46 К.Байболов: Азыркы бийлик коркутуп-үркүтүүнү негизги курал кылып алды


Мындай пикирин Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Кубатбек Байболов 26-октябрда кечинде Бишкек-Торугарт жолундагы окуяга байланыштуу бүгүн билдирди. “Бул болуп көрбөгөндөй зөөкүрдүк.Коркутуп-үркүтүү аракети”,-деп белгиледи Байболов. Маалым болгондой, 26-октябрда милициянын атайын багыттагы жоокерлери саясатчылардын автоунааларын ок атуу менен токтотуп, унаалардын ичинде саясатчылар отурушканы аныкталгандан кийин кечирим сурап, коюп жиберишкен. Милиция кызматкерлеринин маалыматы боюнча, алар ошол учурда кылмыштуу дүйнөнүн төбөлдөрүн кармоо боюнча жолдо операция жүргүзүп, Малик Макатаев дегенди кармашкан. Андан кийин анын жан-жөкөрлөрүн күтүп жатышкан. Мына ошол мезгилде саясатчылар түшкөн автоунаалар МАИ кызматкерлеринин токтотуу тууралуу буйругуна карабай өтүп кетишкен. Ошондуктан алар экинчи бекетте токтотулуп, автоунаалардын ичинде саясатчылар бар экени аныкталган соң кечирим сурап, коюп жиберилген. (AiT)

XS
SM
MD
LG