Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:38

Ак үй АКШ Иран менен согушка даярданып жатат деген маалыматтарды төгүндөөдө


Ак үй өкүлдөрү ошондой эле Вашингтон талаш маселени дипломатиялык жол менен чечүүгө ниеттүү экенин айтууда. Ак үйдүн маалымат катчысы Тонни Фраттонун билдиргенине караганда, президент Буштун администрациясы Иранга каршы күч колдонулушу мүмкүн экенин жокко чыгарган эмес, бирок мындай болбойт деген үмүттө. Ушул аптада АКШ Ирандын Революциялык гвардиясына жана мамлекеттик банктарына каршы өзүнүн жаңы санкцияларын жарыялады. Расмий өкүлдөрдүн түшүндүрмөсүнө караганда, мындай чаралар Иранды шектүү өзөктүк программасы жана Жакынкы Чыгышта терорчулукту колдогону үчүн жазалоону көздөйт.

XS
SM
MD
LG