АКШ Мамлекеттик департаменти Кошмо Штаттардын Европада ракетадан коргонуу системасынын жабдууларын жайгаштыруу пландары 1962-жылы Кубада орун алган Кариб кризисине салыштырылышы менен макул эмес. Бул тууралуу Вашингтондон Мамлекеттик депаратаменттин өкүлү Шон МакКормак билдирди. Ал белгилегендей, бул эки окуянын ортосунда ачык тарыхый айрымачылыктар бар. Кечээ Евросоюз – Орусия саммитинин соңундагы маалымат жыйында орус президенти Владимир Путин АКШнын азыркы пландары технологиялык жактан СССР менен АКШнын ортосунда, СССР Кубада ракеталарын жайгаштырганда орун алган Кариб кризисине окшош кырдаалды жаратып жатканын айткан эле.