Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:41

Түркия АКШ президенти менен түрк өкмөт башчысынын жолугушуусун күтөт


Түркия Ирактын түндүгүндө Күрд жумушчу партиясы -ПККнын согушкерлерине каршы жерден аскерий операция жүргүзүү боюнча кандайдыр бир чечимди АКШ президенти менен түрк өкмөт башчысынын жолугушуусуна чейин чыгарбайт. Бул тууралуу түрк армиясынын генштабынын башчысы Яшар Биюканит билдирип, күтүлүп жаткан жолугушууну "өтө маанилүү" деп мүнөздөдү. Президент Жорж Буш менен премьер- министр Режеп Тайып Эрдоган Вашингтондо 5-ноябрда кездешет. Вашингтон Түркияны күрд козголоңчуларынын маселесин дипломатиялык жол менен чечүүгө үндөп келүүдө. Мунун алдында кечээ Түркия жана Ирак эки өлкөнүн чек ара райондорунда аракеттенген күрд согушкерлерине каршы күрөшүү боюнча чараларды макулдаша алган жок. Анкара жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдө Ирак тарап сунуш кылган планды четке кагып, аны ишке ашыруу узак мөөнөтү талап кыларын, ал эми күрд согушкерлерине каршы чара тезинен көрүлүш керектигин билдирди.

XS
SM
MD
LG