Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:01

АПТАНЫН МАДАНИЙ ОКУЯЛАРЫ


Муратбек Рыскулов атындагы Нарын музыкалуу-академиялык драма театрында бул жумада Султан Раевдин пьесасына коюлган «Күн кармаган бала» спектаклин бет ачаары болду. Театрдын 70 жылдык мааракесине карата сахналаштырылган “Күн кармаган бала” спектакли мындан 17 жыл мурда коюлган. Ал эми бул жолу белгилүү режиссер Алмаз Сарлыкбеков койду. Театр ушул жана башка спектаклдерин келерки жумада Бишкектин тургундарына тартуулайт.

Абдылас Малдыбаев атындагы улуттук опера жана балет театрында Жорж Безенин «Кармен» операсы коюлду. Спектаклде башкы ролдорду Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисттери Алтынай Алибаева жана Садырбек Жумашевдер ойношот.
Дүйнөдөгү ири опералардын катарына кирген бул чыгарма театрдын репертуарында мурдатан ойнолуп келе жаткан опералардан. Ал эми былтыр бул операны белгилүү режиссер, театрдын көркөм жетекчиси Нурлан Асанбеков кайрадан иштеп чыгып, көрүүчүлөргө сунуштаган. Аны даярдоо үчүн жарым жылдай убакыт кеткен. Ал эми спектаклге маданият министрлиги 600 миң сом бөлгөн. Эми театрдын чыгармачыл жамааты алдыда театрдын репертуарындагы “Евгений Онегин”, “Травията” операларын жаңыртууну, ошондой эле “Петрушка” модерн балети менен Илия Глазуновдун “Раймонда” балетин коюуну көздөшүүдө.

Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде сүрөтчү, этнодизайнер Ишен Чалановдун «Устат жана шакирт» аттуу жеке көргөзмөсү өтүүдө. Анда автордун булгаарыдан жасалган эмгектери коюлду. Ишен Чаланов сүрөт тартуу, булгаары ийлеп, асем буюмдарды жасоону кичинесинен баштаган. Бул керемет өнөрдү ал ата-энесинен алган. Негизи И.Чалановдун ата-бабалары чебер уста болушкан. Ал эми Ишен мырза бул өнөрдү өзү гана аркалабастан, шакирттерди тарбиялап, аларга да үйрөтөт. Учурда анын тарбиялануучулары Түркия, Германия, Америка, Казакстан жана башка өлкөлөрдө иштешет. Алардын айрымдары мына ушул көргөзмөгө катышып эмгектерин коюшту. Ишен Чаланов буга чейин Германия, Арабия, Орусиянын шаарларында жана башка бир катар өлкөлөрдө жеке көргөзмөсүн уюштурган. Эми алдыда эмгектерин казак көрүүчүлөрүнүн сынына коймокчу.

Бул жумада Бишкектеги кино үйүндө көчөдө калган балдарга арналган “Боз балдар” аттуу көркөм тасманын бет ачаары болду. Режиссер Камат Касенов тарткан бул тасмада көчөдөгү балдардын катаал турмушу жана көргөн запкысы сүрөттөлгөн. Режиссердун билдиргенине караганда фильмди тартуу үчүн “Эври Чайлд” уюму 4 миң доллар бөлгөн.

"Быйылкы туристтик сезонду ачуу максатында көлгө барып, Ысыккөл районунун акими Турусбек Мансуровдун кесепетинен 172 800 сом карыз мойнума илинип калды", деп куудул Борончу Кудайбергенов маалымат жыйында билдирди. Эске салсак Борончу Кудайбергенов июнь айынын соңунда элүүдөн ашык ырчы-куудулдарды чогултуп, көлдүн туристтик сезонунун ачылыш аземин уюштурган. Куудулдун айтымында , Ысыккөл районунун акими Турусбек Мансуров “150дөй кишинин билетин мен төлөп берем “деп концертке бекер киргизип жиберген. Калган эл “эмне үчүн биз акы төлөшүбүз керек” дешип, эшик тоскондор ээлик кылалбай баары бекер кирип кетишкен. Бул туурасында мына ошол ошол эшик тоскон кызматкерлердин бири Махмуд Жумазов да билдирди.Бул жагдайдын чын-бышыгын билүү үчүн Ысыккөл районунун акими Турусбек Мансуровго телефон аркылуу кайрылганыбызда ал болгону 150 кишини бекер кийирип, жардамчылары алардын ачкасын төлөп бергенин, эч кандай карызы жоктугун билдирди.

Бишкектеги “Жетиген” фольклордук ансамбли Москвадагы “Аялдар уюму” жана “Алатоо” коому уюштурган “Планета деми” аттуу эл аралык форумдун алкагындагы фестивалга катышып, өнөрлөрүн тартуулап кайтышты. Аталган ансамблдин көркөм жетекчиси Айзада Маматаипова билдиргендей фестивалдан тышкары кыргыз өнөрпоздору Москвадагы кыргыздарга да концерт тартуулап кайтышкан.
XS
SM
MD
LG