Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:27

МУРАТБЕКТИН ЫРЛАРЫ


Кыргыз Республикасынын эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, композитор Муратбек Бегалиевдин акындык жагы да мактоого арзырлык.

Ата журттун ыйык жүгүн көтөрүп,
Кутман жерди бөлөп ырга, шаттыкка,
Алатоонун бийик туусун көтөрүп,
Улуу тоону бөлөп бакыт, шаттыкка,
Кең дүйнөнү ырхатка чөгөрүп,
Ниетиң келе, эң бир сулуу жаштыкка.

Фестиваль, фестиваль
Бул жаштыктын майрамы,
Фестиваль фестиваль,
Биздин жашоо жайдары,
Ынтымак майрамы
Келгиле, келгиле
Биз ырдайлы жайдары!

Азыркы кезде үзүндүсүн уккан композитор Муратбек Бегалиевдин акын Кыялбек Урманбетовдун сөзүнө жазган “Фестиваль” ыры. Бул жаркын маанайдагы жайдары жүрүштөгү салтанаттуу ыр шайыр жаштардын шаңдуу ыр майрамына арналган Муратбек Бегалиев жумурай журтка ондогон патриоттук лирикалык ырлардын көптөгөн аспаптык симфониялык ж.б чыгармалардын эбактан бери автору катары белгилүү. Бирок, үстүбүздөгү жылдын январь айынан баштап колунан түшүрбөй ырда жаза баштады. Айрым ырлары республикалык газета-журналдарга жарыяланып, окурманардын кызыгууларын туудурууда. Муратбек мырзага эмне үчүн “эр ортону элүү” жаштан өткөндөн кийин сабалатып ыр жаза баштадың деп собол таштаганда ал мындай деп жооп берди:

-“Мен өзүмдү незинен акын деп эсептебейм. Ошондой болсо да акындык шыгымды көпчүлүк убакта окурмандарга чыгарбай катып жүрчү элем. Биринчи жолу 14-15 жашымда “Сагындым” деген ашыктык ырын жазгам кийин болсо ага обон да чыгаргам,-

- Кечиресиң Муратбек мырза. Сөзүң оозуңда, сөзүн да обонун да өзүң жазган”Махабатты” баяндаман туңгуч “Сагындым” аттуу ырыңды белгилүү эстрада ырчысы Жылдыз Осмоналиеванын аткаруусунда угармандарга сунуп койсок.


Сагындым


Байкоосуздан сага кабылым,

Кайдан жүрүп неге табылдың,

Элестериң бура бастырбай,

Ээлеп алдың, баарын жанымдын.


Э-эй бирге жүргөн күн,

Э-эй кайра кайрылгын,

Көргүм келип, абдан сагындым,

Көргүм келип, абдан сагындым.


Эстеп жүрчү ошол күндөрдү,

Биз өткөргөн айлуу түндөрдү,

Кол кармашып өрдөп коктуну ай

Куушуп ойноп, терген гүлдөрдү.


Э-эй, табийгат таңы,

О-ой, жаштык жалыны,

Көргүм келип көңүл түндөрдү,

Көргүм келип көңүл түндөрдү.


Аз күнчөлүк бакыт мен үчүн,

Албан аалам, өмүр ал күчүм.

Мейли жашоо, мейли эмгекте ай

Болчу жаным бирге сен түшүн.

- Муратбек мырза, мына көңүл кушун көкөлөткөн ашыктык ырың да бар. Эми кайрадан кеп кезмети өзүңдө.

- Ар кыл таланттагы акындардын сөздөрүнө музыка жазганда көңүлүмө толбогон саптарды оңдоп койчумун. Жаш эле эмес, залкар акындардын ырларына музыка жазганда да обонго музыкага ылайыктап кай бир саптарын тымызын, кээсин өздөрүнө айтып, кеңешип, кептешип оңдоп коёр элем. Өткөн жылдын 31-декабрында эле терең ойго батып эмнегедир калем алгым келип бейпайга түшө баштадым. Ошентип үстүбүздөгү жылдын 1-январынан тартып азыркыга чейин бир күн да колуман калемимди түшүрбөй ыр жазып жатам. Күнгө бирден, экиден ыр жазып коём. Мен ыр жазуу боюнча эч кимден да кеңеш алган жокмун. Менин кеңешчилерим Пушкин, Мидин Алыбаев, Аалы Токомбаев, Алыкул Осмонов деп эсептейм. Булардын бардыгынын китептерин окуганмын. Билимим бар. Менин эсимде Маркестин: Бир дагы дүйнөдө чыгып аткан атактуу жазуучулардын китептерин окубайм. Анткени, өзүмдүкү өзүмө жетет. Ошого аракет жасап бирөөнүкүнө окшоштурбай өзүнчө бир өзгөчө жол табайын” деген сөзү бар. Ошол Маркес сыяктуу мен деле кайсы бир акынга барып, кеңеш, акыл суроодон уялам. Өзүмчө гана отуруп ырларымды чиймелеп коём. Муну жөн эле ырга болгон кызыгуу десе да болот. Мен негизинен композитормун. Бирок, бир жакшы жери композиторлук чыгармачылыктын окшоштугу болот экен. Анткени, экөөнүн тамыры бир да. Ошон үчүн акыркы кезде эмнегедир кудайым мага ырларымды берип, ыр жаз деп жатабы. Менин ырларымды окурмандар тандап, эл талдоодо. Мени менен акын катары баардашып отурганына бир эсе таң да, бир эсе сыймыктанып да отурам. Эми угармандарга бир эки ырымды окуп берейин.




Өмүр


Бат закымдап өтүп кетээр өмүрүң,

Көз ирмемди, көтөрөлү көңүлдү,

Өмүр өзү бул дүйнөнүн ширеси,

Өкүндүрбөй өркүндөтсүн теңирим,



Өмүр чиркин каалагандай болбойт ко,

Өкүнсөң да түк өзгөрүп койбойт ко.

Өмүр бою алп урушуп ойлонсок да,

Адам байкуш алтын жашка тойбойт ко.



Азаттык үнү


Ой карасаң кагылайын капастагы чымчыкты,

Карбаластап чыйпылдашып капысынан ыр чыкты,

Чурулдашып жем талашып, чукулашып бырпырап,

Бошоткула эркиндикке дегенсишип чыркырап.


Ким камады, кимдер сатты алы жеткен чымчыкпы?

Кел балакай бошотолу чымчыкты боштондукка.

Ал байкуштар чымдыктарың аба жетпей тумчукту

Баары ыйлап эркиндикке биз ачалы жылчыкты,

Көрчү балам нурун чачты айланага күн чыкты,

Уккун, көрүп,ырдап жүргүн азаттык деп ыр чыкты.


Ырахмат Муратбек мырза. Эми кыргыз жергесине азаттыктын таңы атып, элибиз эркиндикке чыкканда жазган “Кыргызстан” аттуу ырыңдын бир эки шиңгилине кезекти берейин.




Кыргызстан


Кыргызстан, кагылып коңгуроодой, кылымга,

Күн чыгыштан жаңырып үнү кыйырга,

Өмүрү бүтпөс санжыра,

Өрүлүп келет комуз кылында,

Өнөргө толо канжыга,

Өтөмүн даңазалап ырымда.


Көктө жылдызжан,

Жерде Кыргызстан!

Жарык жылдыздан,

Жаным Кыргызстан!

Керме тоодон керегең,

Кереметсиң не деген?

Күн оронгон Кызыл Туу,

Кең Мекеним эгемен,

Керме тоодон керегең,

Кереметсиң не деген!

Күн оронгон Кызыл Туу,

Кең Мекеним эгемен, Кыргызстан!


Кыргызстан биригип айкөл ата Манастан,

Жылдыз учкан бийикке туусу жанашкан,

Баш байлап достук, намыска,

Бактыма ак калпагым жарашкан,

Бар болуп билим жарышка,

Баарыбыз келечекке канатчан.

Мына азыр “Кыргызстан” аттуу ырыңды белгилүү эстрада ырчылары Актан Исабаев, Гүлнүр Сатылганованын, Ырыскелди Осмоновдун аткаруусундагы үзүндүнү уктук. Эмне демекчисиң.

- Ысыккөлүм Алатоонун бермети жайында көлгө эс алганы бир-эки күнгө бардым эле. Жолдо баратып бир жерден “Ысыккөлүм - Алатоонун бермети” деген ураанды окуп калдым. Сөзү мага абдан жагып калды. Ошондо мен мындай ыр саптарын курадым:




Ысыккөлгө ойноп, олйоп жыргаймын,



Обон созом оболото ырдаймын,



Аскасында Алатоомдун башында,



Айланамын ак калпагын кырдаймын,



Оюмду мен башкаларга кыйбаймын,



Көтөрүлүп көңүл толкуп жайылып,



Көл үстүндө досторумду сыйлаймын,



Ысыккөлүм ыргытып каш сермечи,



Карап көрчү калың карта тизмегин,



Көзү экен күдүм калың кыргыз элдеги,



Ысыккөлүм кыргызымдын термеси,



Ысыккөлүм Алатоонун бермети.


- “Эр ортону элүү” дегендей жаңыдан эле эр ортонунан эңкейе бергенде махабат жөнүндө жазган ырларың барбы?

- Жогоруда мен эл, жер жөнүндө жазган ырларымды окудум. Менин чыгармачылыгымдын эң негизгиси жазып жаткан ырларымдын баардыгы ашыктыкка арналат. Мына менин колума “Жаш суулу” деген ыр тийди,-


Жаш сулуу




Сулуу кыз өттү жанымдан,



Сурма көз айнек тагынган,



Жер менен баспай каалгыса,



Жетимиш жолу жалынгам.






Үлбүрөп боздон көйнөгү,



Үңүлтүп боздойт көйрөңү,



Көөдөндөгү көңүл өзүңсүн,



Жүзүң шат жаштык барында,



Жүрүп ал алыңча, күлүп ал.




Алдыңда кара жаш сулуу,



Алсаң да барымта,



Бакчага жүрү баралы,



Бакыттын гүлүн табалы,



Маанисин сүйүү мактантып,



Махабат күчүн алалы,



Махабат күүсүн чалалы.

- Ырахмат Муратбек, ийгилик болсун!
XS
SM
MD
LG