Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:05

ДҮЙНӨЛҮК БАСМА СӨЗ ЭМНЕ ДЕЙТ


Аким Өзгөн, Стамбул Журналист Алишер Саиповдун Ошто адам колдуу болушу, батыштык басылмаларда көз жаздымында калбады. Лондондо чыгуучу International Herald Tribune, 26 жаш курагында өмүрү кыйылган Алишер Саипов, Ошто кошуна Өзбекистандагы саясий маселелер менен байланыштуу макалалар жарыяланган өзбөк тилиндеги «Саясат» гезитин чыгарып келгенин эске салып, анын Өзбекистандагы Каримов режимине оппозицияда болгон чөйрөлөр менен тыкыс мамилеси болгонун бышыктаган. Гезит ошондой эле, Саиповдун 2005-жылда болгон Андижан капсалаңынан кийин Кыргызстанга качып келген өзбөк диссиденттерге турак-жай табуу жана аларды БУУнун качкындар боюнча агенттиги менен байланыштыруу сыяктуу жардамдарды бергенин билдирет.

Дүйнөлүк басма сөз каражаттары журналист Алишер Саиповдун өлүмүн жазып чыгышты

Sunday Times гезитинин Жекшембидеги санында дагы бул окуя окурмандар менен тең бөлүшүлүп, Өзбекстандагы адам укуктарынын бузулушунун фактыларын ачык чыгаргандыгы себептүү, Ташкендин төбөлдөрүнүн каарына кабылган журналист Саиповдун адам колдуу болушунун артынан, Өзбекстандагы бир канча ондогон оппозициячыл активисттердин коопсуздугуна коркунуч жаралгандыгы бышыкталат.

IHT жана NYT да жарыяланган макалаларда саясий комментаторлор David Stern менен C. J. Chivers, Казакстанда бийлик ээлеринин, оппозициялык интернет баракчаларын, Назарбаев менен анын күйөө баласы Рахат Алиев ортосундогу чырга тиешелүү убактылуу токтотуп коюшканын билдиришет. Адам качыруу жана уюшкан кылмыш топтору менен байланышта болуу өңдүү айыптоолордун негизинде жакын арада үстүнөн сот иши баштала турган Рахат Алиевдин мындан алты ай мурда Назарбаевдин күйөө баласы болгонуна көңүл бурган авторлор, макалада, Назарбаев менен анын экс-күйөө баласы ортосундагы таймаштагы кийинки жаңылыктар менен тең бөлүшүп, интернет жабуу окуясын жүрүп жаткан күрөштөгү жаңы бир учур катары баалашат.

Өткөн жумада батыштык жана Түркиялык басылмалардын күн тартибинде башкы орунду ээлеген тема, Түркиянын ПКК козголоңчуларына каршы боло турган аскердик операциясы эле. Серепчилер Түркиянын армиясынын качан жана канчалык өлчөмдөгү аскердик күч менен Түндүк Иракка басып киреринин жандырмагын чечүү менен алек болгон кезде, Washington Post гезитинде жазылгандай, Түркиянын армиясынын генштабынын төрагасы, Генерал Яшар Бүйүканыт, премьер-министр Т.Эрдогандын 5-ноябрда Вашингтонго боло турган саякатынын натыйжасы күтүлөөрүнүн четин чыгарган. The Washington Postтун серепчиси Карен ДеЙоунг жазган макаласында, АКШ жана ЕБ тарабынан террорчул уюм катары таанылган ПКК жикчил тобунун кийинки айдын ичинде Түндүк Ирак тараптан Түркиянын чегарасын кесип өтүп уюштурган террактыларынын натыйжасында, 40 чамасы аскер жана карапайым адамдын өмүрү кыйылганын эске салып, Түркия чегара тилкесине топтогон 100 миң чамасы аскери менен чегараны ашкан операция жасоонун алдында турганын билдирет. Президент Жорж Буштун администрациясы Түркияны андайча бир операциядан карманып турууга чакырып келгенине токтолуп автор макаласында, Түркия бир канча жылдардан бери НАТОдогу шериктеши жана Иракты окупациялаган коалициянын жетекчкиси АКШны өлкөнүн түндүгүндөгү тоолу аймактарда бекинип, байма-бай Түркиянын жерине чабуулдар уюштурган террор уюмуна каршы чара көрүүгө үндөп келгенин, бирок, ал үндөөлөрдөн эч кандай майнап чыкпай калганын билдирет.

New York Times гезити Ишембиде чыккан санында, “Армиян геноциди” жөнүндө өткөн жакын арада конгресстин өкүлдөр палатасынын тышкы карым катнаштар комитетинде жактырылып чыккан резолюция тууралуу кийинки өнүгүүлөрдү тең бөлүшкөн. “Ириде өкүлдөр палатасында басымдуу көпчүлүктүн колдоосуна ээ болгон жана жакын арада өкүлдөр палатасында добушка коюлуп, жактырылып чыгуусу күтүлгөн резолциянын колдоочулары эки күчтүү өкүмөттүн, атап айтканда, армияндарды тукум курут кылгандыгы доо кылынган Осмон империясынын мураскери Түркия менен Иракта анын жардамына муктаж АКШнын өкүмөттөрүнүн чечкиндүү каршылыгына туруштук бере алышпады”,- деп белгиленген макалада, эми резолюциянын өкүлдөр палатасында добушка коюлуусу эмки жылга калтырылганы билдирилет.
XS
SM
MD
LG