Полициянын маалыматына караганда, жарылуу Ирактын түндүгүндөгү бул шаардын автобус терминалдарынын биринин сыртында болгон. Жардыруунун автоунаа айдаган жанкечти жасаган деп болжолдонууда. Жарылуудан соң айланадагы автоунаалар менен дүкөндөр өрттөнүп, дагы кеминде 21 киши жаракат алды.