Режеп Тайып Эрдоган түрктөрдү жана түркиялык күрддөрдү биримдикке чакыруу менен катар өз өкмөтүнүн Ирактын түндүгүндөгү күрд согушкерлерине каршы күрөшүү ниетин кайталады. Эрдоган бул тууралуу азыркы Түркия түзүлгөнүнүн 84 – жылдыгын утурлай айтты. Бул майрамТүркияда 29-октябрда белгиленет. Бул аралыкта түрк тышкы иштер министри Али Бабакан бүгүн Иранда жүргөн жеринен анын өлкөсү Күрд жумушчу партиясы – ПККнын Ирактын түндүгүндө аракеттенген согушкерлерине каршы күрөштө түрдүү, анын ичинде дипломатиялык да, аскерий да чараларды колдонорун билдирди. Түркия бийликтери азыр Ирактын түндүгүндө, тоолуу аймакта аракеттенген күрд согушкерлерине каршы аскерий операция баштаарын эскертип жатат.