Ушуга байланыштуу БШК райондук жана шаардык шайлоо комиссияларын түзүүдө саясий партияларды активдүү катышып берүүгө чакырууда. “Шайлоо кодексинин жаңы редакциясынын ” 11-беренесине ылайык, райондук жана шаардык шайлоо комиссиялар саясий партиялардын сунуштарынын негизинде областтык жана Бишкек шаардык шайлооо комиссиялары тарабынан түзүлөт. Шайлоо комиссиялары 30-октябрга чейин түзүлүп бүтүшү керек. (MSu)