Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:47

11:55 Пара алган деп кармалган милиция кызматкерлери камактан бошотулду


Аталган бөлүмдүн башчысы Коңурбек Байтерековдун берген маалыматына караганда, учурда кармалган эки тергөөчү жана төрт кызматкер Улуттук Коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин убактылуу кармоочу жайынан бошотулуп, иш сотто каралганга чейин өздөрүнүн кызмат орундарында калышты. “Алар туурасында азыр эч нерсе айта албайм, өтө оор кылмыш болсо бошотулмак эмес, демек бошотулуп жаткандан кийин күнөөлөрү далилденбеген чыгаар”,- дейт К. Байтереков. Бирок ушул жылдын 23- октябры күнү кармалган Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнүн эки тергөөчүсү пара алгандыгы үчүн, калган кызматкерлер алдын ала тергөө ишине тоскоолдук кылды деген айып менен кылмыш иши козголуп, иш бөлмөлөрү да тинтүүгө алынган болчу. Соттук териштирүү качан жүрөт азырынча белгисиз. (JJ)

XS
SM
MD
LG