Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:16

ФУТБОЛ: ЭКИНЧИ БЕТТЕШҮҮДӨ КЫРГЫЗСТАН ЙОРДАНИЯГА УТТУРУП КОЙДУ


Амман шаарында 28-октябрда болгон экинчи беттешүүдө Кыргызстандын улуттук тандалма командасы Йорданиянын командасына утулуп, 2010- жылы Түштүк Африка өлкөсүндө өтө турган дүйнө чемпионатына иргеп алуу мелдештеринин экинчи этабына чыга албай калды.

Йорданиянын борбору Амман шаарындагы жооп иретиндеги оюнда Кыргызстандын улуттук тандалма командасы тең чыкса эле экинчи этапка чыга алат дешип футбол күйөрмандары үмүт кылып турушкан. Себеби 18-октябрда Бишкекте өткөн беттешүүдө кыргызстандык футболчулар чеберчилиги жагынан йорданиялыктардан кем эместигин көрсөтүп, 2:0 эсебинде жеңип алышкан. Бишкектеги биринчи беттешүүдө оюнга индиялык калыстар калыстык кылышса, Аммандагы жооп иретиндеги таймашууну Бахрейн өлкөсүнүн үч калысы тейледи. Оюндун комиссары да Бириккен Араб Эмираттары өлкөсүнүн өкүлү Сала Амин Мохаммед болду.

Футбол адистеринин айтымында Кыргызстан менен Йорданиянын беттешүүсү тең тайлашуу менен өтүп жаткан. Биринчи таймдын 32- мүнөтүндө йорданиялык Махмуд Шелбайя эсепти ачуу менен командасын алдыга сүрөдү.

Өлкөнүн футбол федерациясынын президенти Амангелди Муралиевдин Аммандан маалымат каражаттарына айткан пикиринде беттешүүнүн экинчи таймында Бахрейндик калыстар йорданиялыктарга жан тартып, аларга 11- метрлик айып тобун тебүүгө шарт түзүп беришкен.

Натыйжада оюндун 60-мүнөтүндө йорданиялык чабуулчу Хатем Акель тепкен айып тобун кыргызстандык дарбазачы Максим Агапов тосо албай калып, эсеп 2:0 болду. Бишкектеги биринчи беттешүүдө дагы эсеп 2:0 менен кыргызстандыктардын жеңиши менен аяктап, жооп иретиндеги оюнда йорданиялыктар ушундай эсеп менен негизги убакыт соңуна чыккандыктан оюндун эрежеси боюнча дагы кошумча убакыт белгиленди. 30 мүнөттүк кошумча убакытта дагы оюндун эсеби өзгөрбөй, эки команданын жигиттери көгөрүп, бири- бирине жол бербей катуу таймашты.

Калыстар бул эки өлкөнүн жеңүүчүлөрүн кезек менен айып тобун тептирүү менен чечмек болушту. Натыйжада удаасы менен кезектешип айып тобун тебүүнүн жыйынтыгында 6:5 эсебинде кыргызстандык оюнчулар айырма менен утулуп, экинчи этапка чыга албай арманда калышты.

Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Бообек Кадыркуловдун айтымында өлкөнүн тандалма командасы Йорданияда татыктуу ойноп, чыныгы таймашуунун үлгүсүн көрсөттү.

«Футболго өкмөттүк деңгээлде көңүл бурулса чеберчилик дагы жогору болуп, йорданиялыктарды өз жерине утуп алууга мүмкүнчүлүк болмок», -дейт Бообек Кадыркулов.

Мына ушундай пикирди Нарындын «Дордой-Динамо» футбол командасынын администратору Мурат Дүйшөналиев дагы айтып, кыргызстандыктар утулса дагы татыктуу оюн көрсөткөнүн, калыстар бай өлкөлөргө оңой сатылып, алардын таламдарын жактап кетээрин билдирди.

Футбол боюнча Азия чемпиону Ирак өлкөсүнөн сырткары Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Кытай, Оман, Гонконг жана Йемен мамлекеттеринин улуттук тандалма командалары 2010- жылы Түштүк Африка өлкөсүндө өтө турган дүйнө чемпионатына иргеп алуу мелдештеринин экинчи этабына чыгышты.

Ошондой эле мурдакы беттешүүлөрдүн жыйынтыгында Сирия, Катар, Бахрейн,Тайланд, Бириккен Абар Эмираттары кийинки экинчи этаптын оюндарына камылга көрүп жатышат. Кувейт менен Индонезия өлкөлөрүнүн атаандаштары оюндан баш тартышканы үчүн алар экинчи этапка эбак эле чыгышкан.
Борбор Азиядан Тажикстан өлкөсү Бангладешти, Түркмөнстан Камбоджа мамлекетин утуп алып, алар да экинчи баскычка чыга алышты. Белгилей кетчү жагдай, Дүйшөмбүдөгү Тажикстан менен Бангладеш беттешүүсүнө кыргызстандык Кадыр Чыныбеков башкы калыс болду. Бул беттешүү 5:0 эсебинде тажиктердин жеңиши менен аяктады.

Өзбекстандын улуттук командасы Кытайдын Тайпей өлкөсүнүн футболчуларын эки ирет утуп Азия аймагына таанылып, алар дагы мыктылардын сабына кошулду.

Эми биринчи этапта жеңип чыккан 19 команданын мыктылары экинчи баскычта дагы иргелип, үчүнчү баскычтын чучукулагы 25 -ноябрда Түштүк Африканын өлкөсүнүн Дурбан шаарында болмокчу. Азия аймагынан мыктылары иргелип жатканы менен 2010- жылкы дүйнө чемпионатына болгону үч гана команда катышаары күтүлүүдө.

Ошондой эл бул күндөрү Катар өлкөсүнүн Доха шаарында уландар арасында футбол боюнча Азия чемпионатынын таймашуулары да өтүп жатат. 45 өлкөнүн катарында кыргызстандык жаш футболчулар дагы мөрөй талашууда.

Кыргызстандык уландар командасын машыктыруучу Токтогон Элтинов жана өлкөнүн футбол федерациясынын жооптуу кызматкери Александр Агеевдин пикиринде Дохада кыргызстандыктар ийгилик жарата албай, үч оюнда тең жеңилүү ызасын тартышты. Кыргызстандыктар «А» тобунда Сирия, Йемен, Оман, Пакистан өлкөлөрүнүн футболчулары менен күч сынашууда.

Чынында кыргызстандык жаш футболчулар үчүн бул мелдеш кыйынга турчудай. Себеби Эл аралык футбол федерациясынын иликтөөсү боюнча Йемен, Сирия, Оман өлкөлөрү рейтинг боюнча дүйнө жүзүндө Кыргызстандан бир кыйла алдыңкы орунда турат.
Уландар арасында футболдон Азия чемпионатынын финалдык баскычына Австралия, Бахрейн, Кытай, Түндүк жана Түштүк Корея, Иран, Сингапур, Өзбекстан баштаган 16 өлкөнүн командалары чыгышты. Баш байге үчүн таймашуулар 2008- жылы болмокчу.

Футбол адистеринин пикиринде Кыргызстанда футболго шыктуу таланттуу балдар арбын. Аларга шарт түзүп берип, эл аралык мелдештерге жиберип турса чеберчилиги өсүп, футбол менен Кыргызстанды таанытууга дарамети жетмек.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG