Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:25

ӨЗӨКТҮК ПРОГРАММАЛАР БОЮНЧА ТЕГЕРАНДЫН ТУРУМУ КҮЧӨШҮ МҮМКҮН


Нарын АЙЫП, Прага Ирандын өзөктүк программалары боюнча Батыш менен сүйлөшүү жүргүзгөн өкүл мындан он күн мурда алмашылгандан кийин Ирандын өзүндө жана башка мамлекеттерде бул өзгөрүү кеңири талкууланууда. Эксперттердин айтымында, жаңы дайындалган өкүл - президенттин жакын адамы жана эми Тегерандын туруму ого бетер катууланышы мүмкүн.

Ирандын өзөктүк программаларынан чыккан маселе боюнча Батыш мамлекеттери жана эл аралык уюмдар менен сүйлөшүүлөрдү мурда өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги жүргүзүп келген, бирок президент Мохаммад Хатаминин учурунда андай милдет Улуттук коопсуздук боюнча жогорку кеңешке өткөрүлүп берилген жана сүйлөшүүлөрдү - Кеңештин ал кездеги катчысы Хасан Рухани жүргүзө баштаган.

2005-жылы президент болуп Махмуд Ахмадинежад шайлангандан кийин өлкөнүн руханий жетекчиси аятолла Али Хаменеинин сунушу менен ал орунга - Улуттук сыналгы-үналгы корпорациясын он жыл бою жетектеп келген Али Ларижани дайындалган. Мындан он күн мурда, 20-октябрда болсо Ларижанинин ордуна тышкы иштер министринин орун басары Саид Жалили дайындалды жана бардык экперттер - аятолла Хаменеинин адамынын ордуна президенттин адамы келгенин белгилешти.

"Фарда" радиосунун кабарчысы Жамшид Барзегардын пикиринде, бул дайындоо менен президентти колдогондор жеңишке жетишти: "Маселе - бул дайындоо менен байланыштуу руханий жетекчи кандай аракеттерди көрө ала турганында. Азыркы учурда президент Ахмадинежад жана аны колдогондор үчүн абал алда канча ыңгайлуу жана жогорку жетекчи алардын басымына туруштук бере албай, Ларижанини курмандыкка чалган сыяктуу", - дейт Барзегар.

Ларижани 2005-жылдагы президенттик шайлоого да катышкан, бирок биринчи айлампада утулуп калып, өз колдоочуларын - экинчи айлампада Ахмадинежад үчүн добуш берүүгө чакырган. Батыш менен сүйлөшүү жүргүзгөндө болсо Ларижани башында бир топ катуу турумду карманган жана президент менен болгон мамиледе кыйынчылыктар чыккан эмес, бирок акыркы мезгилде ал өз турумун, айрым байкоочулардын пикиринде, бир кыйла жумшарта баштаган жана өзөктүк маселе гана эмес, башка тармактардагы саясат боюнча дагы өз пикирин айтып, анын айланасында бийлик чөйрөсү пайда болгон. Мисал үчүн, үстүбүздөгү жылдын башында Ирандын чек арасында 13 британиялык суучул кармалганда, ал маселени тынчтык ыкмаларын чечүүдө Ларижанинин салымы зор болгон деп айтылууда.

15-16-октябрда Тегеранга орус президенти Владимир Путин келгенде, анын президент Ахмадинежад жана аятолла Хаменеи менен болгон жолугушууларына Ларижани катышпаганын эскперттер дароо байкаган. Визит аяктагандан кийин болсо Ларижани - өзөктүк программалар боюнча Путин орчундуу сунуш жасады деп айтса, Ахмадинежад - жаңы эч сунуш жасалган жок деп билдирген. Аны менен катар ошол эле күндөрү Ларижани - 23-октябрда Рим шаарында Европа Биримдигинин өкүлү Хавьер Солана менен боло турган сүйлөшүү жөнүндө көп сүйлөгөн жана анын кызматтан кете турган түрү байкалган эмес.

Анткен менен Римдеги сүйлөшүүгө Иран өкүлчүлүгүн Жалили жетектеп келди, бирок аларга Ларижани дагы катышты. Ал өзү Рим шаарында журналисттерге билдиргенге караганда, Иран - демократиялык мамлекет, ошондуктан айрым жетекчилер ротация түрүндө алмашып турганы - катардагы көрүнүш.

23-октябрда болсо Арменияда жүргөн президент Ахмадинеджад өз сапарын күтүүсүздөн кыскартып, Тегеранга кайтып келди. Айрым байкоочулардын айтымында, аятолла Хаменеи катуу оруп жатат, башкалар болсо - Ирандын жогорку жетекчилик чөйрөсүндө азыр саясий салгылашуулар жүрүп жатат деп билдирүүдө.

Аятолла Хаменеинин тышкы маселелер боюнча кеңешчиси Али Акбар Велаяти президенттин чечимин 22-октябрда сындап чыкты. Иранда мындай пикирлер адатта ачык айтылбайт. Жафар Голаби деген саясат таанучу ошол эле күнү жазганга караганда болсо, президент Ахмадинежаддын катуу саясатынан айырмаланган пикир айткандар жетекчиликтен четтетилип жатат.

XS
SM
MD
LG