Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:02

КАЗАКСТАНДЫН ЧЕХИЯДАГЫ КҮНДӨРҮ АЯКТАДЫ


Өткөн аптада Прагада Казакстандын Чех жумуриятындагы күндөрү болуп өттү. Төрт күнгө созулган иш-чарада филмдер көрсөтүлүп, лекциялар окулду. Көпчүлүк Чехияда жашаган борбор азиялыктардын "Жагалмай" музыкалык тобунун концерттерин айрыкча жактырышты.

Казакстан мурдагы коммунисттик өлкө болгондуктан, ал тууралуу Чехияда аз да болсо билишет. Ошол эле мезгилде мурдагы советтик жумурияттардын ортосунда мурда-кийин анча тыгыз байланыш болгон эмес. Ошондуктан өткөн аптадагы Казакстандын Чехиядагы күндөрү бир топ кызыгууну жаратты.

Уюштуруучулардын бири, чехиялык орус таануучулар биримдигинин жетекчиси Йири Клапка Азаттыкка мындай деп айтты:

- Бул маанилүү окуя болду. Иш-чаранын төрт бөлүмүндө болгондор өтө ыраазы болушту. Алар казак коомунун көшөгөсүн ачкандай болушу, анын үстүнө бардыгы жогору деңгээлде болду.

Бул иш-чаранын башкы окуяларынын бири Борбор Азиялык "Жагалмай" тобунун концерттери болду. "Жагалмай" тобунда кыргыз жарандары, анын ичинде "Азаттык" радиосунун кабарчысы да бар:

Баарынан да мени "Жагалмай" тобу койгон оюн-зоок суктандырды. Сахнадан нагыз сезимдердин, жылуулуктун илеби келип турду, аткаруучулардын деңгээли өтө мыкты. Менимче, бардык көрөрмандарга жакты,- дейт уюштуруучу, концертти өзү алып барган Йири Клапка.

"Жагалмай" тобунун репертуарында кыргыз, казак, түркмөн, уйгур, азербайжан ыр-бийлери бар. Прагадагы концерттин көрүүчүлөрүнүн арасында Каракалпакстанда туулган түркмөн журналисти, учурда Бишкекте жашаган Огулжан Раджапова да болду:

- Европада, Прагада ушундай концерт көрөм деп эч ойлогон эмесмин, абдан күчтүү болду. Прагада жүрүп, түркмөн, кыргыз, өзбек ыр-күүлөрүн угам деп оюма да келген эмес. Көрүүчүлөр көп келди, зал дээрлик толтура болду.

Борборазиялыктар Европаны 1990-жылдардын орто ченинен тартип гана "өздөштүрө" баштады. Алар аз болгону менен, саз деп айтса болот, анткени адатта бул диаспоранын билим деңгээли жогору, орус маданиятынын таасири аркылуу Европанын маданиятын да жакшы кабылдашат. Көп улуттуу чөйрөдөн чыккандыктан, көп тилдерде сүйлөшөт жана маданий ар кылдуулукка каныккан адамдар келишет.

Мамлекеттер аралык алакаларда диаспоранын маданий ролу кандай? Бул суроого уюштуруучу Йири Клапка мындай деди:

- Бул ролдун маанилүү экенинде шек жок. Расмий иш-чараларды жарандык өкүлдөр чыныгы сезимдери менен уюштурган иш-чараларга салыштырып болбойт.

Жаңыл Жусубжан, Прага
XS
SM
MD
LG