Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:27

ИСЛАМ: АДАМГА ПАЙДАЛУУ НЕРСЕЛЕРДИН БААРЫНА ЖОЛ БЕРИЛИШ КЕРЕК


Азыркы медицина төрөлө элек наристенин жынысын аныктап эле тим болбостон, ичтеги баланын оорусун аныктап, зарыл учурда аны бойдон алып сала алат. Бойдон алдыруу маселесине Рим Католик чиркөөсү менен Исламдын көз карашы кайчы келет. Ислам оорулуу баланы бойдон алдырып салууга жол берет, ал эми христиан чиркөөлөрү болсо баланын жарык дүйнөгө келүүсү же келбөөсү жөнүндөгү маселеге бир Кудайдан башка эч ким чече албайт, деп эсептейт.

Ислам аалымдарынын айтымында, ичтеги баланын жашоосу ага жан киргенден баштап, түйүлдүктүн пайда болгонуна 120 күн толгондон кийин башталат. Ошентип, мусулман өлкөлөрүнүн гинекологдору түйүлдүктү бойдон алып салууга 120 күнгө чейин же 17 жумага чейин уруксаат беришет, бирок ал үчүн ичтеги баланын жарык дүйнөгө келүүсү үй бүлө жана баланын өзү үчүн өтө опурталдуу болору айныксыз аныкталуусу абзел. Белгилей кетүүчү нерсе мындай "опуртал" себептердин катарына Даун синдрому кирбейт.

Сауд Арабиянын Файзал Падыша атындагы госпиталынын генетика департаментинин адиси Аида ал-Акиил бул госпиталдын адистери баланын генетикалык оорусу бар экенин ичте жүргөн маалында эле аныктап, ага дуушар болгон түйүлдүктү алып таштоого кудуреттүү экенин маалымдайт. Акиилдин айымдын айтымында, пренаталдык диагностика ата-энеге өз убагында туура чечим каыбл алганга мүмкүндүк берет.

Мындай профилактикалык чаранын мүмкүн болгону Жакынкы Чыгыш региону үчүн өтө маанилүү. Анткени Израиль менен Кипрди кошпогондо, аталган чөлкөмдөгү никелешүүлөрдүн кеминде 70 проценти тууган адамдардын ортосунда болот.

Христиан дининде туугандардын ортосундагы баш кошуулар күнөө болуп саналат. Христиандардын туугандардын баш кошуусуна падышарлардын үй бүлөлөлөрдө гана жол берилчү, анткени андай никенин максаты бийлик менен байлыкты бир тукумдун колунда сактап калуу эле.

Туугандардын никесинен төрөлгөн балдар көп учурларда оорулуу болуп калаарына карабастан, мусулманчылыкта андай никелерге жол берилет ал турсун кубатталат.

Оорулуу балдардын төрөлүшүн алдын алуу максаты менен Ирандын өкмөтү 1996-жылдан тарта болочок ата-энелерди талассемия аттуу кан оорусуна текшерүүдөн өткөрчү болгон. Тукум кууган бул оору гендеги деффектен келип чыгып, баланы аз кандуулук оорусуна чалдыктырат. Эгерде ата- энелердин бирөөндө же экөөндө тең талассемиянын белгилери аныкталса, анда бойдогу баланы алдырып салууга уруксаат берилет. Бахрейне мындай профилактикалык чара менен талассемия оорусу менен төрөлгөн балдардын саны 50 процентке кыскартылды.

Ошону менен бирге эле биз сөз кылып жаткан Падыша Файзалдын госпиталында түйүлдүктү анын сөңгөк клеткаларын алып, башка ооруган балдарды дарылоого пайдалануу максаты менен тандоо да жүргүзүлөт экен. Түйүлдүктүн сөңгөк клеткаларын дарылоо максаты менен алууга Европада тыйуу салынган. Бирок исламдык медик Аида Акиил адамга пайда алып келе турган баардык нерсеге жол берилиш керек, деп эсептейт.

Баян Жумакадыр кызы, Прага
XS
SM
MD
LG