Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:24

ТРАНС – АТЛАНТИКАЛЫК АЛАКАДАГЫ ЖАРАКА САКТАЛУУДА


Транс-атлантикалык алакалар азыр да кризисте. Бирок анын жүйөөсү фундаменталдык маселелер эмес, Ирак менен Ооганстанга карата мамиледеги айрымачылыктар. Чехия борбору – Прагадагы конференциянын катышуучулары мына ушундай тыянакка келишти. Жыйын Германиядагы Конрад Аденаур фонду, Америка борбору, Европалык саясат боюнча чех институту тарабынан уюштурулган эле.

Еврошаркет менен АКШнын стратегиясы эки тарап үчүн тең коркунучтар менен баалуулуктар окшош экенин ишара кылууда. Ал эми айрымачылыктар тигил же бул конреттүү проблема менен алектенүүгө келгенде көрүнө калып жатат. Маселен, европалыктардын көпчүлгү, конференцияда айтылгандай, гуманитардык жардам үчүн каражатты көбүрөөк ажыратуу саясатын жактайт. Эски континенттегилердин 20%дайы гана эл аралык деңгээлде коркунуч жараткан аймактарга аскерлердин жиберилишине макул экен. Ал эми америкалыктардын 60%ы зарыл болсо кырдаалдын күч колдонуу менен жөнгө салынышына каршы эмес.

Ириде Ирандын талаштуу өзөктүк прогрммасын алсак, европалыктардын 47%ы чатак дипломатиялык кысым көргөзүү жолу менн чечилишин колдойт. Ошол эле учурда америкалыктардын 47 %ы аскерий ыкма да күн тартибинде турушу керек деп эсептейт. Конференция катышуучуларынын бири, Будапештеги коомдук саясат институтунун эксперти Сивер Войнескунун айтымында, Ооганстандагы кырдаал деле ушундай ажырымды көргөзүүдө.

Ал белгилегендей, учурда аскерлери Ооганстанда талиб согушкерлери менен кармашып жаткан НАТО өлкөлөрү бул боюнча кагаз жүзүндө милдеттеме алган.

Анткен менен НАТОнун көпчүлүк өлкөлөрү өз милдеттемелерин аткара албай, Ооганстанга жетиштүү санда аскер жөнөтө албай жатат. Канада, Дания сыяктуу кээ бир өлкөлөр атүгүл аскерлерин Ооганстандан алып чыгып кетиши мүмкүн экенин ишара кылууда.

Аскерлердин тартыштыгы НАТОнун Ооганстанда аба соккуларына ыктоосун шарттодо. Натыйжада, андай чабуулдардан жөн –жай тургундар арасында да чыгым болуп жатат. Бул өз кезегинде Ооганстандагы миссияга карата коомчулуктун колдоосун азайтууда.

Будапештик эксперт Сивер Войнеску кошумчалагандай, НАТО өлкөлөрү арасында башынан эле пикир-келишпестиктерди жараткан Ирактын маселеси мындан да начар, ажырым али сакталууда:

- Транс-атлантикалык алака үчүн Ирактын таасири кубаты күчтүү жер титирөөдөй болду.

Ал эми Жакынкы Чыгыш саясаты боюнча Вашингтон институтунун өкүлү Симон Хендерсон жагдайды мындайча мүнөздөйт:

- Мен буларды ( Ирак менен Ооганстанды) ишке ашпай калгандар катары сыпаттабайм, бирок, албетте кыйынчылыктар жана уланып жаткан кыйынчылыктар катары мүнөздөйм.

Конференция катышуучулары Ирак, Афганистан, Иран Батыш туш болгон коркунучтардын жалгызы эмес экенин да белгилешти. Жакынкы Чыгыш саясаты боюнча Вашингтон институтунун эксперти Симон Хендерсондун пикиринде, Орусиянын эски совет аймагын кайрадан көзөмөлүнө алуу мүдөөсү жана Батыш демилгелеринин баарына каршы болгон саясаты- транс-атлантикалык кызматташтык туш болгон жаңы коркунуч.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG