Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:14

АЗИЗА АБДРАСУЛОВА: ТОТАЛИТАРДЫК, АВТОРИТАРДЫК РЕЖИМДИН ЗОРДУГУ АКАЕВДИН УЧУРУНАН КҮЧӨП КЕТТИ


Бүгүн 31-октябрда Бишкекте Кыргызстандагы сөз жана жыйналыш эркиндигине байланыштуу форум болуп жатат. Анда башкы маселе болуп Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалы талкууланууда. Форумдун уюштуруучуларынын бири “Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдразулова таңкы “Азаттыктын” айрым бир суроолоруна жооп берген.

- Кыргызстандагы адам укуктары, сөз эркиндиги кайрадан чектеле баштады деген тынчсыздануулар акыркы убактарда көбөйүп бара жатат. Бүгүнкү чукул форум дагы ошол себептерден өткөрүлүп жатабы?

- Негизинен бүгүнкү жолугушуу сөз эркиндигине жана тынч маанайда өткөрүлгөн эркин жыйындарга арналып жатат.

- Адам укуктары жана сөз эркиндиги кайрадан чектеле баштады деген тынчсыздануулар көбөйүп бара жатат. Сиз буга кошула аласызбы?

- Албетте, чектеле да башталды. Коркунучтар да келе баштады. Бүгүнкү кезде өзүнүн оюн билдирүү бул журналисттердин өмүрүнө туулган коркунуч менен барабар болуп калды. Баасы ошондой болуп калды.

- Кечээ “24 kg” маалымат агенттиги мамлекеттик катчы Адахан Мадумаровдун жакында эле белгисиз бирөөлөр тараптан атылып өлтүрүлгөн Алишер Саиповдун өлүмүнө байланыштуу “кыргыздар журналисттин өлүмүн өтө эле кайгылуу кабыл алып жатышат” деген сөзүн жазып чыкты. Мамлекеттик катчынын мындай сөзүнө укук коргоочу катары сиз кандай баа бере аласыз?

- Мен кыскача айтайын. Ушул мамлекеттик катчы Адахан Мадумаровдун сөзү бийликтеги отургандардын баарынын сөзү болбосо керек деп ойлойм. Ошонун арасында президенттин да сөзү эмес. Бул Адахан Кимсанбаевичтин өзүнүн гана пикири деп ойлойм. Ошондуктан муну мен жакшы кабыл алган жокмун. Бул журналисттердин өлүмү, албетте, башкача айтканда өзүнүн кесиптик иш аракетинен өлгөн журналисттердин өлүмүн биз кайгыруу жана өтө тынчсыздануу менен кабыл алып жатабыз.

- Акыркы убактарда апрель митингинин катышуучуларын дагы кайрадан кугунтуктоо башталды деп тынчсызданып жатышат. Өзгөчө ошол митинге катышкан жаштарды кугунтукка алуу болуп жатат. Укук коргоочулар бул багытта кандай иштерди жүргүзүп жатасыздар?

- Биздин “Кылым шамы” бейөкмөт уюму негизинен ушул багытта иш алып барабыз. 2007-жылдын ичинде гана Кыргызстан боюнча 23 адамга кылмыш иши козголду ошол митинг, пикеттерге катышкандардын ичинен. Акаевдин убагында да мындай митинг, пикеттерге катышкандарга административдик жаза колдонулуучу. Ал эми кылмыш иши козголуп, 4-5-жылдан камаган бул бүгүнкү күндө болуп жатат. Бүгүнкү күндө алты жараныбыз Кыргызстандан сыртка чыгып кетип, баш паанек сурап жүрүшөт. Ошол митинг, пикеттин катышуучулары. Ал эми калган үчөө КГБнын подвалында отурат сотко бүгүн, эртең келе турган болуп. Ал эми Таластан “Андаш”,
“Жерүй” жаңжалы менен кылмыш иши козголгондордон алты кишини бүгүнкү күнгө чейин суракка кайра-кайра чакырып, алардын бешөөсү чет мамлекетте качып жүрүшөт. Бул деген тоталитардык, авторитардык режим деген Акаевдин мезгилинен да өтүп кетти. Бул жарандардын эркиндигине карата болгон укугун чектеп, биздин өтө чоң тынчсыздануубузду жаратып жатат.

- Азиза айым, бүгүнкү форумга мамлекеттик бийлик өкүлдөрү дагы чакырылган. Алар менен бүгүнкү адам укугу боюнча кырдаалга суроолорго жооп болобу?

- Мен ойлом биз коюп жаткан бүгүнку суроолорго эч ким бүгүн эле жооп бере албайт. Ошондуктан албетте, биз убакыт беребиз жана жакынкы күндөрү алардан жоопту талап кылабыз.

- Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG