Каармандар аллеясында Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча түштүк аймактык башкармасынын мурдагы начальниги, полковник Урал Алиевдин, милициянын старшинасы Замир Карабалаевдин, милициянын кенже лейтенанты Нурлан Шайдиевдин айкелдери орнотулду. Булар кызматтык милдетин аткаруу учурунда курман болгон милиция офицерлери болуп саналат. «Луч Соломона» бейөкмөт уюмунун жетекчиси Садыкжан Махмудов уюшкан топтордун колунан курман болгондорду кесиптештери жана чоңдор майрам күндөрү гана эстешээрин кыйытып, органда иштеп жүрүп, кызматтык милдетин аткаруу учурунда курман болгондордун үй-бүлөсүн мамлекеттин толук кандуу багуусуна алууга мезгил жетти деп эсептейт. Ош облусу боюнча акыркы он жылда 13 милиция кызматкери кызматтык милдетин аткарып жүргөн учурда бандиттердин колунан каза тапкан. (АТо)