Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:45

МАКАОДО КЫРГЫЗ СПОРТЧУЛАРЫ 2 АЛТЫН, 4 КҮМҮШ МЕДАЛЬ УТТУ


Макао өлкөсүндө Экинчи Азия оюндарында 23 мамлекеттин спортчулары күч сынашууда. Кыргызстандык кикбосчулар өлкө тарыхында алгачкы ирет жабык имараттардагы Азия оюндарында 2 алтын, 4 күмүш медаль утуп алышты.

Жол алыстыгынан, виза маселелеринен жана кыргызстандык спортчулар кыйналып Макао өлкөсүнө барышканын кикбоксинг мелдешине калыс болуп келген Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу, эл аралык калыс Мамыт Акеров жашырбады.

Жабык имараттардагы Азия оюндарына Кыргызстандын улуттук командасы алгач ирет катышууда. Каражаттын тартыштыгынан кыргызстандыктар сууда сүзүү, жеңил атлетика, кикбоксинг жана футзал боюнча мелдештерге гана катышууда.

Макаодогу Азия оюндарынын программасына кикбоксинг көрсөтмөлүү мелдеш катары кирди. Кыргызстандык кикбоксчулар Азияга таанылып, ийгилик жарата алышты. 71 кг салмактагы булгаары мээлей чеберлеринин таймашуусунда Кыргызстандын көп жолку чемпиону Сталбек Дарканбаев бардык атаандаштарын жеңип, өлкө тарыхында алгач ирет жабык имараттардагы Азия оюндарынын чемпиону аталды.

Кыз-келиндердин кикбоксинг таймашуусунда Азия чемпиону Юлия Борисова алтын байгенин ээси болду.

Макаодогу имараттардын ичинде өтүп жаткан экинчи Азия оюндарынын кикбоксинг таймашуусунда кыргызстандык Мирбек Сүйүнбаев, Ален Офойо, Кумар Жалиев жана Мирлан Ибраимов финалга чейин жетишип, күмүш медаль тагынып келишти.

Макаодогу Азия оюндарынын таймашуулары жана алдыдагы максаттары тууралуу кикбоксинг боюнча дүйнөнүн эки жолку чемпиону Мирбек Сүйүнбаев мындай деди:

- Мелдеш жогорку деңгээлде өттү. Калыстардын айына Ален Офойо, Кумар Жалиев менен Мирлан Ибраимовдун чеберчилиги туура бааланбай, шагын сындырып, басып коюшту. Протест жазуу үчүн барымтага акча коюш керек. Эптеп каражат тартыш болуп, жол азабын тартып араң барган элек. Эми 10- ноябрда Пекинде өтчү ушу-сандо боюнча дүйнө чемпионатына даярдык көрүп, Кыргызстандын намысын татыктуу коргойлу деп тилек кылып турам.

Макаодогу Азия оюндарынын сууда сүзүү мелдештерине кыргызстандык суучулдар Азия чемпиону Юрий Захаров менен Азия чемпионатынын күмүш байге ээси Василий Данилов катышууда. Василий 200 метрге жарышта марага төртүнчү болуп келди. Алдыда дагы таймашуулары бар. Ал эми Юранын жолу болбой, финалдык топко кошулганы менен ийгиликке жете элек. Анын дагы бир нече жарыштары алдыда турат.

Макаодогу имарат ичиндеги жеңил атлетика жарыштарына Кыргызстандын намысын үч жөө күлүк коргоп жатат. Кыргызстандын чемпиону Денис Багрев 1500 метрге жарышта финалдык топко кошулду. Алардын баш байге үчүн мөрөй талашуусу бүгүн 1- ноябрда болмокчу. Кыз- келиндердин 800 метр жарышында бишкектик Анна Плюшкина мыктылардын сабына кошула албады. Ал эми 400 метрге жарышка түшкөн кыргызстандык Алексей Погарелов өз тобунда үчүнчү болгону менен ийгилик жарата албады.

Футзал боюнча Кыргызстандын улуттук тандалма командасы Азияда мыктылардын сабында жүрүшкөнү менен Макаодогу имарат ичиндеги Азия оюндарында да күчтүү атаандаштарга туш болду. Биринчи беттешүүдө эле Ливандык футболчуларга 1:0 эсебинде жеңилип калышты. Андан кийинки атаандашы Азиянын көп жолку чемпиону Ирандын командасы кыргызстандык футболчуларды 9:1 эсебинде жеңилүү ызасын тарттырды. Индонезия менен беттешүүдө дагы 3:2 эсебинде кыргызстандыктар утулуп калып, мыктылардын сабына кошула албады.

Учурда 23 өлкөнүн спортчуларынын Макаодогу күч сынашуусунда кытайлыктар 30 алтын, 16 күмүш, 17 коло медаль женип алуу менен биринчи орунда баратат. Экинчи орунда Тайланд өлкөсү болсо, Түштүк Кореянын спортчулары эки мелдалын айырмасы боюнча Казакстандан алдыга чыгып, үчүнчү катарга турду. Борбор Азиядан Казакстан таанылуу менен учурда алар 5 алтын, 8 күмүш, 7 коло байгелүү болушту.

Спорттук имараттар ичинде өтүп жаткан экинчи Азия оюндары 3-ноябрда кечинде жыйынтыкталат.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG