Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:00

МИРРАХИМОВ КЕТТИБИ ЖЕ КАЛДЫБЫ?


Кардиология жана терапия улуттук борборунун директору, академик Мирсаид Миррахимов кызматынан бошотулду жана аны кайрадан кызматына бекиди деген маалымат чындыкка төп келбейт. Бул тууралуу бүгүн саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Туйгунаалы Абдыраимов билдирди. Анын айтымында, Миррахимовду кызматка кайрадан бекитүү тууралуу президенттик администрациядан оозеки да, кагаз түрүндө да буйрук болгон жок. М.Миррахимовдун кызматынан бошотулушуна борбордогу каржылык тартип бузуулар себеп болду деп айтылууда. Мирсаид Миррахимов өз кезегинде айтылып жаткан каржылык кемчиликтерди көз карандысыз аудиторлорго текшертерин билдирди.

Саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Туйгунаалы Абдыраимовдун билдиргенине караганда, Мирсаид Миррахимовдун уулу жана күйөө баласы башында турган жеке үч фирма Кардиология борборунун үчүнчү кабатын ижарага алып иштетип келишкен. Өз кезегинде бул жеке фирмалардын борборго болгон карызы 3 миллион сомдон ашат. Министрдин айтуусунда, бир нече жыл катары менен улуттук борбордун чөнтөгүнө ижарага төлөм катары символикалык гана акча төлөнүп келген:

- Ижарага акчаны толугу менен төлөгөн эмес. Мындан тышкары, мамлекеттин жабдууларын колдонгондугуна, коммуналдык кызматка бир тыйын төлөгөн эмес. Башкача айтканда, буларга мамлекет бардыгын жасап берип жатат, булар өздөрүнүн чөнтөгүн толуруп атат. Мен ал кишиге айттым, сыйыңыз менен арыз жазып кетиңиз, мен сизди сексенге чыкканда тепкилеп чыккандан уялып жатам деп жазында айткам. Ошол жерде ардактуу директор болуп калыңыз, кызмат унааңыз калсын, кафедраны жетектей бериңиз, окумуштуулар кеңешинде кала бериңиз деп бардык шарттарды түзүп бердим. Ал киши эртең, эртең деп дагы иштейм деп айтты. Бирок мен мамлекеттин мүлкүнө кол салган адамдарга кандай даражасы болсо да, кандай эмгек кылган болсо да эч качан жол бербегенге аракет кылам.

Мына ушундай себептерден улам 29-октябрда саламаттык сактоо министри Туйгунаалы Абдыраимов Мирсаид Миррахимовду ээлеген кызматынан бошотуу тууралуу буйрук чыгарган. Бир күн өтпөй эле айрым массалык маалымат каражаттарында президент Бакиев Миррахимовду кайрадан кызматка коюу боюнча тапшырма бергендиги тууралуу маалымат тараган. Бирок министр бул маалыматты туура эмес дейт:

-Президенттен мен оозеки да, кагаз жүзүндө да мындай тапшырма бергенин укканым жок, мындай ушакты ким чыгарганын билбейм.

Бирок президент К.Бакиев тарабынан ушундай тапшырма берилген же берилбегенин аныктоо максатында президенттин администрациясына кайрылдык. Президенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Досалы Эсеналиевдинн айтымында, мамлекет башчысы 30-октябрда чындыгында эле президенттик администрациянын башчысы Медет Садыркуловго оозеки тапшырма берген:

-Ооба, президент М. Садыркуловго М. Миррахимовду кызматына кайра коюу боюнча ошондой тапшырманы 30-октябрда берген.

Ошентип азыр түшүнүксүз абал түзүлдү. Бир жагынан министрдин буйругу бар, бирок президент дагы тапшырма берди деген маалыматтар бар.
Медицинанын кызматкери Марат Бектемиров президенттин бул маселеге кийлигишип жатканына терс көз карашын билдирди:

-Министр деле президенттин алдындагы адам да. Ал бошотуу тууралуу чечим чыгарса, анан алып туруп президент бул чечимди четке кагып, тескери тапшырма бергенин менен туура эмес деп ойлойм. Бул жерде ал министрин ыңгайсыз абалга коюп жатпайбы.

Кардиология жана терапия улуттук борборунун жетекчисин кызматтан алуудан келип чыккан бул чуулгандуу окуяга байланыштуу ар кандай пикирлер айтылууда. Ырасмий версия боюнча, Миррахимов жетектеген борбордо ири суммадагы каржылык мыйзам бузуулар кеткендиктен ушундай чечим кабыл алынды деп айтылса, борборду жетектөөгө башка адам көз артып тургандыктан министр ушундай чеим кабыл алды деген пикирлер да жок эмес.

Бул окяга байланыштуу академик Мирсаид Миррахимов “Азаттыкка” төмөндөгүчө пикирин билдирди:

- Мен эч качан өзүмдүн кызыкчылыгымды борбордун кызыкчылыгынан артык койгон эмесмин. Менде акча топтоюн деген максатым жок болчу, эгерде чындыгында эле ошондой болсо анда өзүмдүн үйүм болмок. Ал эми борбордо жүргүзүлгөн каржылык маселелерди мен өзүм жалгыз чечкен эмесмин, негизинен административдик жана бухгалтериялык иштерди менин орун басарым көзөмөлгө алчу. Мен болсо негизинен дарылоо, окутуу маселелери менен алек болчумун.

Улуттук борборго директор 5 жылга жашыруун добуш берүү аркылуу шайланат. Аны шайлоого борбордун окумуштуулар кеңеши укуктуу. Бирок кызматтан алууга министрдин да укугу бар. Миррахимовдун айтуусунда, анын бул жолку мөөнөтү 2008-жылдын март айында аяктамак. Бирок Миррахимов улуттук борбордун директорун шайлоого өзүнүн талапкерлигин койбостугун кошумчалады.

Министр Туйгунаалы Абдыраимовдун белгилешинче, Кардиология борборундагы каржылык тартип бузуулар боюнча иш тергөө органдарына өткөрүлүп берилет.

XS
SM
MD
LG