Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:15

БАРАКТЫКТАР БАКЫТ ИЗДӨӨДӨ


Карасуу районуна караштуу Барак анклав кыштагынын өкүлдөрү Ош облус губернаторуна жолугуп, Барак кыштагынан Кыргызстан чегине катташ барган сайын татаалдашып бараткандыгын, ооз жүзүндө убадалар берилгени менен эч кандай натыйжа боло электигин айтышты.

Кечеги референдум алдында – 11-октябрь күнү Ошко барып сүйлөгөн сөзүндө Президент Курманбек Бакиев да Ош облусундагы чечүүнү талап кылган үч зарыл маселенин бири катары Барак анклав кыштагынан Кыргызстан чегине далис ачууну белгилеген эле. Анүчүн бир топ аракеттер көрүлүп жаткандыгын айткан. Бирок, барактыктарга андай камылга таптакыр сезилбейт экен. Сезилмек тургай, далис ачууга ылайыктуу жерлерди Өзбекстан тарап башка максаттарда пайдаланууга киришип жатат деп маалымдады Барак анклав кыштагынын башчысы Буркан Ашыров. Анын айтуусунда, Ош облус губернатору Жантөрө Сатыбалдыев жыл башында барактыктардын өкүлдөрүн Президент Курманбек Бакиевге жолуктурам деп убада бериптир, ошол убада эмне болгондугун билиш үчүн жана акыркы жагдайды ачык маалымдап коёлу деп губернаторго келишиптир. А губернатор болсо бул маселени Президентке, башкаларга да айтып жаткандыгын, облус губернатору чече турган маселе эмес экендигин эскертип, айрым жагдайлар боюнча Өзбекстандын Анжиян облусунун акими менен сүйлөшө тургандыгын убада кылган.

Биз байланышка Ош облустук мамлекеттик акимчилигинин аппарат башчысы Туратбек Исмаиловго чыктык эле, ал оболу жагдай жаатында Президенттик акимчиликтин кызматкерлери менен телефондо сүйлөшкөндүгүн айтты. Ага берилген маалымат боюнча, Президент тарабынан Кыргыз өкмөтүнө тапшырма берилип, тиешелүү бөлүм, тышкы иштер министрлиги, атайын өкмөттүк комиссия бул багытта иштеп жатышыптыр, бирок маселе дароо эле чечиле койбойт экен, өкмөттөр аралык деңгээлде каралып – чечиле тургандыктан, документтер даярдалып жатыптыр.

Туратбек Исмаилов барактыктар менен губернатор Жантөрө Сатыбалдыевдин жолугушуусу жана андан аркы аракеттер боюнча да маалымат кошумчалады:

- Барактыктар айтып атышат - далиске мерчемделген жерлерди Өзбекстан тарап чекке берет экен деп. Ошону токтото туруу жагын Жантөрө Жолдошевич Анжиян облус акими менен сүйлөшүүгө камданууда. Жолугушуу такталып жатат азыр.

Барак айылынын тургуну Иминжан Эргешовдун айтуусунда, анклавдан Кыргызстанга каттоонун кыйынчылыктары барган сайын күчөп жатат, жамандык-жакшылыкка сырттан келишкендер жолдон кайтып кетүүгө аргасыз болушууда.

Барак айылынын дагы бир тургуну Рахим Калбаев Казакстан тен алган Кыргызстандын ички паспортун Өзбекстан тен албагандыгына кыжыл.

Учурда Барак анклав кыштагынын жалпы тургундарынын чыдамы кетип тургандыгын, эгер маселе чечилбесе барактыктар нааразылык акциясына чыгып, Сабай каналын, Карасуу-Ош жолун тосо тургандыктарын айыл башчы Буркан Ашыров айтып өттү.

Сөз соңунда кошумчалай кетели, Барак анклавынан Кыргызстанга каттоочу автоунаа жолу Баткен окуясынын тушунда таптакыр жабылып салынып, төрт жылдан соң зорго ачылган. Азыр ал жакка Өзбекстандын чегара, бажы, милиция бекеттери барактыктарды гана чет өлкөлүк паспорт менен белгиленген убактарда өткөрөт.

XS
SM
MD
LG