Бул тууралуу шаардык кеңештин депутаты Билал Чыныбаев «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, 31-октябрда шаардык кеңеш 32 добуш менен Нуржамал Байболова жана анын орун басары Татьяна Пономареваны кызматтан бошотту. «Бирок жаңы төраганы шайлоо күнү белгиленген жок. Ал келерки жумада, же андан башка убакта болушу ыктымал»,-деди Чыныбаев. Шаардык кеңеште 44 депутат бар. 31-октябрдагы жыйынга 34 депутат катышкан. (AiT)