Бул тууралуу «Азаттыкка» жапа чеккен журналист Гүлмира Райымбек кызы өзү кабарлады. Анын айтымында, бул кылмышка шектелген адам Ленин райондук ички иштер бөлүмү тарабынан кармалып, ага Кылмыш жаза кодексиндеги 234-бейбаштык беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ал ошол окуя учурунда камерага чала-була түшүп калган экен. Журналист ошондой эле кечээ аны менен беттештирүү болгонун жана ал аны тааныганын, бирок кылмышка шектүү адам урганын мойнуна албай жатканын билдирди. НБТ телекомпаниясынын кабарчысын эки күн мурда Ош базарында аткезчилик менен келген дары-дармектер боюнча телематериал тартып жүргөн жеринен белгисиз бирөө бет талаштыра бир урган. Кабарчы андан мурду кан жалап, эс учун жогото жаздаган. Азыр анын саламаттыгы канааттандырарлык. (SM)