Султан Урманаевге ээлеген кызмат ордунан кыянаттык менен пайдаланган деген айып тагылып, бул боюнча кылмыш иши козголду. 2002-жылдагы Аксы окуясы маалында Султан Урманаев Жалалабад облсунун губернатору болчу. Бул боюнча тергөө 30-октябрда аяктап, учурда айыпталуучу кылмыш ишине тиркелген материалдар менен таанышууда деп билдирди Башпрокуратуранын маалымат кызматы. Буга чейин Урманаевдин депутаттык кол тийбестик укугу ага кылмыш ишин козгоого жол бербей келген.(JTo)