Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:11

Кыргызстандын Чехиядагы ардактуу консулдугу каалгасын ачты


Прага, 1-ноябрь. Бүгүн Чехиянын ордо шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугунун кеңсеси салтанаттуу түрдө ачылды. Бул салтанатка Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Эрмек Ибраимов, кыргыздын Чехиядагы, Австриядагы жана Словакиядагы элчиси Рина Приживойт, “Азаттык үналгысынын” Прагадагы жамаатынын өкүлдөрү, Чехияда окуган алатоолук студенттер жана эмгек мигранттары, ошондой эле чех коомчулугунун өкүлдөрү катышышты. Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Эрмек Ибраимов Кыргызстан менен Чехиянын ортосунда инвестициялык кызматташтыкты жандандыра турган жана кош салыкты жоюуга багытталган келишимдердин долбоору кол коюу үчүн ушул тапта дээрлик даяр болуп калганын “Азаттыктын” кабарчысына билдирди. “Жагалмай” тобу уюштурган чакан концерт конокторго тартууланды. Кыргызстандын Чехиядагы ардактуу консулу, доктор Петер Кмет (Peter Kmet’) салтанатка катышкандарга ыраазычылык сөзүн айтып, эки элдин мындан аркы кызматташтыгы чыңдала берээрине ишеничин баса белгиледи.

XS
SM
MD
LG