Алар АКШ баштаган коалициянын Ооганстандагы аскерий операцияларга тартылган кемелерин күйүүчү май менен камсыздачы. Жогорудагыдай чечим 1-ноябрда жапон өкмөтүнө Ооганстандагы коалициялык күчтөргө жардам көргөзүү үчүн берилген мандаттын мөөнөтү аяктаганына байланыштуу кабыл алынды. Ясуо Фукуда башында турган азыркы жапон өкмөтү ал манадатты узартууга аракеттенип, бирок парламенттеги оппозиция менен мунаса таба алган жок.