Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:31

ӨЗБЕКСТАНДЫН ЭКОНОМИКАСЫ 9,8 % ӨСКӨНҮНӨ ТАЛДООЧУЛАР ИШЕНБЕЙТ


Өзбек бийликтеринин ырасташынча, өлкөнүн экономикасы үстүбүздөгү жылдын алгачкы тогуз айында дээрлик 10 процентке (9,8 %) өскөн. Бирок, маалымат каражаттары жана статистика органдары бийликтин чеңгелинде болгондуктан, серепчилер ички дүң продукция - президент Каримовдун өкмөтү айткандай - 9,8 процентке өскөнүнө ишенишпейт. Карапайым калк да экономикалык жетишкендиктин “үзүрүн” сезишпегенин, тескерисинче, азык-түлүк акыркы айларда кымбаттап кеткенин айтышат.

Анн - Луиз Хэггер башкеңсеси Лондондо жайгашкан Economist Intelligence Unit изилдөө борборунун талдоочусу. Ал Өзбекстандын экономикасы январь- сентябрь айларында бийликтер айткан 9, 8 проценттен бир кыйла төмөн өскөн деп эсептейт. Бирок, Хэггер айым соңку кездеги постсоветтик өлкөлөрдөгү экономикалык өсүү Өзбекстанга да мүнөздүү экенин айтат:

- Акыркы бир нече жылда КМШ боюнча экономика өсүүдө. Постсоветтик мезгилде бул өлкөлөрдүн экономикасы ылдый кеткен болсо, азыр ал абалдан чыгууда.

Өзбекстан сыяктуу мунай- газга бай өлкөлөрдүн экономикасы негизинен отун энергиясын экспорттоонун эсебинен өсүүдө. Негизги экспорттук товар: пахта менен алтындын дүйнөлүк базарда кымбаттаганы да өлкө үчүн чоң пайда болду.

Өлкөдө быйыл 3, 6 миллион тонна пахта жыйналды деп маалымдалды. Президент Каримовдун айтымында, түшүм өлкө тарыхында биринчи жолу толук бойдон менчик чарбада өндүрүлгөн. Бул маалыматка Анн- Луиз Хэггер ишенбейт:

- Ырасмий маалыматтар канчалык так экени белгисиз. Биз билгенден пахтачылыкта базар мамилелери жок болгондуктан, дыйкандар түшүмдү аргасыздан арзан сатышат. Кыртыш да бузулган. Ошон үчүн бийликтер айткан өлчөмдө пахта өндүрүлгөнү күмөндүү.

Ташкенттик журналист Абдурамон Ташанов да 3,6 миллион тонна пахта жыйналды дегенди- президенттик шайлоо алдынагы элди алдоо деп эсептейт:

- 2000- жылы 21- сентябрда пахтанын планы аткарылды деп жарыяланган. Бул жылы капылеттен эле 10- октябрда план толуп калды. Азыркы бийлик ушул жолойду карманса, Күнкорсуздук күнү- 1- сентябрга план толду деп рапорт берип калабыз. Жаз, жай, күз бир мезгилде келет. Мезгил эрте алмашып, дыканга жардам берейин дебейт да. Статисттер баарын алдоодо.

Карапайым калк үчүн ички дүң продукциянын 10 процентке өскөнүдөн да азык түлүктүн баасы маанилүү. Каршылык аял бир кап ундун баасы сентябрдан бери үч эсеге кымбаттап, 40 долларга чыгып кеткенине нааразы:

- Өзүбүздүн Каршыда чыккан ундун бир кабы же 50 килосу азыр 45 миң сум турат. Бир кап ун 15- 16 миң сум турчу.

Ташкентте ун облустардагыдан 10 процентке кымбат. Акыркы эки айда ак май да кымбаттады. Азыр Ташкенде бир литр ак май 3,5 доллар турат.

XS
SM
MD
LG